16 Ноябрь 2018

Айтматов фестивалы "элитасыз" өттү

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык театр фестивалы аяктап жатат. Ага Кыргызстандын, Өзбекстандын, Орусиянын, Азербайжандын, Тажикстандын жана Казакстандын он сегиз театры катышып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди көрсөттү. Театр ишмерлери бул жолку фестиваль өзүнүн бир нече өзгөчөлүктөрү менен айырмаланганын белгилеп, бирок кыргыз сахнасында коюлган жергиликтүү жана эл аралык спектаклдерди көрүүгө интеллигенция өкүлдөрү, мамлекеттик жана саясий ишмерлер дээрлик келбегенине капа болушту.

16 Ноябрь 2018

2019: Бюджеттеги өзгөчөлүктөр

Жогорку Кеңештин депутаттары 2019-жылдагы өлкө бюджетинин долбоорун талкуулап жатышат.

16 Ноябрь 2018

Facebook 3D форматындагы сүрөт жарыялоого уруксат берди. Көрүнүшү

Жаңы функция учурда Apple компаниясынын телефондорунда гана иштейт.

16 Ноябрь 2018

"Тизмегейт": алгандар жана тангандар

Адвокат Нурбек Токтакуновдун президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабына байланыштуу жарыялаган баракчасы талкууга түштү. Анда аты аталган адамдардын айрымдары документтеги маалыматтарды ырастаса, экинчилери четке кагууда. “Азаттык” алардын айрымдарына микрофон узатты.

16 Ноябрь 2018

Жолдо калган журналисттер, 62 млн. сомдук мектептеги жарака. Окуянын чоо-жайы

Мамкурулуштун кызматкерлери жаңы ачылган мектептин кемчиликтерин байкап калган журналисттерге кыр көрсөткөн. Алар ЖМКдан эмнени жашырууга аракет кылышкан? Sputnik Кыргызстан агенттиги жагдайдын чоо-жайын билүүгө белсенди.

16 Ноябрь 2018

Ахмедова: Хижабчан кыргыз аялдарга таң калдым

Өзбекстандык белгилүү фотограф, документалист, бийликти ачык сындаган көз карашы менен айырмалаган Умида Ахмедова “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Ал Өзбекстандагы бүгүнкү жагдай, аялдардын укуктары, ырчы кыздарга мамиле жана кыргыз кыз-келиндеринде байкаган өзгөрүүлөр жөнүндө сүйлөдү.

16 Ноябрь 2018

Таш коргондогу ак байбиче, кара кемпир

Мелис Абакировдун “Таш коргон, ак байбиче, кара кемпир” аңгемесинде адеп-ыймандык маселе козголгон.

16 Ноябрь 2018

АКШ саудиялыктарга санкция салды

АКШ журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлтүрүлүшү боюнча 17 саудиялык жаранга санкция салды.

16 Ноябрь 2018

Фарид Ниязов шайлоого коротулган акча тууралуу пикирин айтты

Ниязов президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген.

Сурамжылоо

Жол кырсыгы көбөйүшүнө эмне себеп?

  • Айдоочулук сабатсыздык – 94 Добуш / 61%

  • Жолдордун начардыгы – 14 Добуш / 9.1%

  • Коррупциялашкан система – 46 Добуш / 29.9%

Жалпы добуш: 154
Жыйынтык

Көп окулган

Бул күн тарыхта