17 Ноябрь 2017

Зилалиев мөңгүнүн айынан иштен алындыбы?

Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен бүгүн экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кызматынан бошотулду.

25 Октябрь 2017

Дастан Жумабековго оогон оомат

Жогорку Кеңештин төрагасын алмаштыруу жараяны өтө тездик менен ишке ашты. 25-октябрда эртең менен Чыныбай Турсунбеков төрагалыктан кетип жатканын жарыяласа, түш оой парламент жаңы төрага шайлап алды. Ошентип бул жогорку кызматка буга чейин коомчулукка анча таанылбаган жана башка депутаттардан көп деле айырмаланбаган 41 жаштагы Дастан Жумабеков келди.

24 Октябрь 2017

Спикерликке кимдер тапталууда?

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков ордун бошотуп берери анык болуп калды. Анын ордуна азыр 3-4 депутаттын аты аталууда. Төрагалык кресло кимге буйрушу ыктымал.

20 Октябрь 2017

Кыргызстан Казакстан берчү жүз миллион доллардан баш тартты

Кыргызстан 2015-жылы Евразия экономикалык биримдигине кошулганда кошуна өлкө жардам иретинде 100 миллион доллар бермек болгон. Ал акча өлкөнүн санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык системасын аталган биримдиктин талаптарына ылайык жакшыртууга сарпталмак.

18 Октябрь 2017

Таластан Казакстанга суу агызылууда

Таластагы Киров суу сактагычынан Казакстандын Жамбыл облусуна карай суу аз-аздан агызыла баштады.

10 Октябрь 2017

Аида Салянова беш жылга кесилди

Бишкектин Ленин райондук соту бүгүн Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы беш жылга кескен өкүм чыгарды.

07 Октябрь 2017

Вице-премьер Темир Жумакадыров жол кырсыгынан каза тапты

7-октябрдын таңында вице-премьер-министр Темир Жумакадыров түшкөн машина жол кырсыгына кабылды.

04 Октябрь 2017

Орозбаков: Бабанов элди алдап жатат

Белгилүү экономист жана публицист Сапар Орозбаков аз күн мурда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго ачык кат жолдоп, анын “Кыргызстанды дүйнөнүн эң бай он өлкөсүнүн катарына кошом” деген сөзү боюнча кайрылуу жасаган. Анда окумуштуу мындай убадага ишенбесин айтып, кыялды кыйнап минген талапкерди жүз миллион сомдук мелдешке чакырган. Сапар Орозбаков бизге Өмүрбек Бабановго эмнеге ишенбесин жана өлкө кандай шартта тез өнүгүп жаткан мамлекеттердин катарына кошуларын чечмелеп берди.

30 Сентябрь 2017

Канат Исаев бийликти күч менен басып алууга камынганбы?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 30-сентябрда массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга камынуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевди кармады. Депутат БШК кол тизмеге байланыштуу президенттикке талапкерлигин каттабай койгон сон президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго кошулуп, аны колдоп жүргөн.

Сүрөттөр сүйлөйт

Сурамжылоо

Жол кырсыгы көбөйүшүнө эмне себеп?

  • Айдоочулук сабатсыздык – 94 Добуш / 61%

  • Жолдордун начардыгы – 14 Добуш / 9.1%

  • Коррупциялашкан система – 46 Добуш / 29.9%

Жалпы добуш: 154
Жыйынтык

Көп окулган

Бул күн тарыхта