Чөйрө

01 Декабрь 2017

Эки эрлүү эрке айым

Кыргызстанда азыр экинчи аял – токол маселеси кызуу талкууга, кызыл чеке талашка түшүп турат. А дүйнөнүн дагы бир бурчунда бир эле учурда эки эркек менен бир төшөктү бөлүшүп жашаган аялдар да бар экен.

29 Август 2017

Кайненесинин башын кескен келин

Ошто башы кесилип, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялды өзүнүн кара чечекей келини өлтүргөнү аныкталды. Үрөй учурган кылмыштын изин жашырууга келиндин бир тууган эжеси жардамдашкан. Шектүү эже-сиңди кармалып, экөө тең алгачкы суракта эле кылгылыгын мойнуна алышты.

15 Март 2017

Болот кантип курчуду?

Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерин ачыкка чыгарып жүргөн Болот Ибрагимов аттуу жигитти билсеңиз керек. Жок дегенде жол кайгуулчулардын артынан акмалап, жол-жобого шайкеш келбеген көрүнүштөрдү чагылдырган видео тасмаларын көрүп калгандырсыз. Ошол жарандык активист тек андай жагдайларды интернетке жарыялап гана тим болбой, эми уурдалган машиналарды таап берип, ээлерин кубантууда. Бир топ МАИчинин мазесин алган Болот бул ишке кантип аралашып калганын өз оозунан угалы.

06 Март 2017

Сарымсак экспорттоп, эл баккысы келген Элдияр

Азыр өлкөбүздүн кайсы аймагында болсо да жер иштетип, дыйканчылык же багбанчылык менен арбын киреше таап, бир айылдын эле эмес, бүтүндөй бир аймактын элин багууга белсенип калган иш билги – иштерман инсандарды тапсак болот. Дыйканчылык менен элин сүйүнтүп жаткан ошондой иштермандардын бири - Элдияр Абдыкеримов Ысык-Көл районундагы Кароол-Дөбө айылында жашайт. Бала кезинен талаада өсүп, жаштайынан жер иштетүүнүн сырларын өздөштүргөн отуз жаштагы бул жигит акыркы жылдары Европадан сарымсактын органикалык үрөнүн алдырып, өз талаасында өстүргөнгө өттү. Сарымсак менен акча сапырып, арбын киреше тапса болоруна көзү жеткен иш билги жигит эми анын үрөнүн башка дыйкандарга да таратууда. Максаты – түшүмдү көбөйтүп, экспорттук деңгээлге чыгаруу. Элдияр бизге сарымсак өстүрүүнүн сырлары жана анын кирешелүүлүгү тууралуу кенен кеп салып берди.

10 Февраль 2017

Алтымыш ашканда комбайн айдаган Жамийла апа

Бишкекте лизинг менен иштеген бир компаниянын кеңсесинен "жаңы комбайн алат элем" деп чуркап жүргөн апага капыстан жолугуп калдык. Жумгалдын Эпкин айылынан келген Жамийла Тойчубекова аттуу апа экен. Жашы алтымыш ашканына карабай баскан-турганы тетик, өз жашынан кыйла жаш көрүнөт. Ушу күндө да трактор, комбайн айдап, балдарыма баш-көз болуп жүрөм дегенине ого бетер кызыгып, дароо сөзгө тарттык.

06 Февраль 2017

Нарындагы митингден натыйжа чыкпады

Нарын шаарында бүгүн электр энергиясын колдонууга жеңилдик берүү өтүнүчү менен өткөн митингдин талабы кабыл алынган жок.

25 Январь 2017

Султанмуратов: УКМК 200 миң сураганы чын

Ушул дүйшөмбүдө Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Курортология институтундагы паракорчулук тууралуу маселе айтып, ага катыштыгы бар УКМКнын кызматкерлери менен институттун директору Махмуд Султанмуратовго чара көрүүгө чакырган.

18 Январь 2017

Учак ураткан айылдын убайымы

Кыргыз өкмөтү учак кулашынан кырсык баскан конушту көчүрүү маселесин караштырууда. Бул каргаша жалпы эле өлкө аймагындагы аба майдандарга жакын жайгашкан конуштардагы коопсуздук жагдайын дагы бир ирет жадыбызга салды.

17 Январь 2017

Түркия Дарвиндин теориясынан түңүлдү

Түркияда Дарвиндин теориясын мектеп программасынан алып салышты.

Сурамжылоо

Жол кырсыгы көбөйүшүнө эмне себеп?

  • Айдоочулук сабатсыздык – 94 Добуш / 61%

  • Жолдордун начардыгы – 14 Добуш / 9.1%

  • Коррупциялашкан система – 46 Добуш / 29.9%

Жалпы добуш: 154
Жыйынтык

Көп окулган

Бул күн тарыхта