Чөйрө

Эки эрлүү эрке айым

BARGROFT MEDIA
  • 01 Декабрь 2017
  • 0
  • 5348

Кыргызстанда азыр экинчи аял – токол маселеси кызуу талкууга, кызыл чеке талашка түшүп турат. А дүйнөнүн дагы бир бурчунда бир эле учурда эки эркек менен бир төшөктү бөлүшүп жашаган аялдар да бар экен.

Улуу Британиядагы The Sun басылмасынын сайты жакында ушундай бир кызык жагдайды жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда, 38 жаштагы Крис жана 28 жаштагы Мэтт Бранд аттуу эки кумса (гей) жигит түгөй иретинде алты жыл чогуу жашагандан кийин «эрди-катындай алака-катышын» ачыкка чыгарат. Ага алардын катарына дагы бир адам – бул жолкусунда эркек эмес, аруузада аялзаты кошулушу себеп болот.

Мэттен айырмаланып Крис мурда гетеросексуалдык мамилени да баштан кечирген экен. Кийин Мэтт экөө чогуу жашап алган күндөрдүн биринде ал Кейт Эрнест аттуу 28 жаштагы бийкеч менен таанышып калат. Анан ымала түзүп алган соң ага арзуусу ойгонуп кетип, бир күнү кызды үйүнө конокко чакырып жиберет. Бул 2015-жыл болчу. Крис кызды жактырып калганын, аны менен чогуу жашоону каалап жатканын «жан шериги» Мэттке кыйытат. Ал алгач мындай ойго келбеген өзгөрүүгө так секире караманча каршы чыгат. Бирок акырындап Кейтке боор тартып, Кристин сунушуна моюн толгой албай калат.

Ошентип бир бөлмө батирде үч түгөй бир керебетти меники-сеники дебей апак-чапак жашай баштайт.
 
«Алгач Мэтт караманча каршы болуп жаткан. Кийин биз бул маселенин тегерегинде кайра сүйлөшкөндө ал “жанып кетти”. Ошентип үчилтик болуп чогуу чаран жашай баштадык”, - дейт азыр ошол күндөрдү эскерген Крис.

Кейт менен Крис өздөрүн бисексуал эсептешсе, Мэтт өзүн “гомофлексивдүү” деп атайт. “Мага жигиттер жагат, аялдарга караганда эркектерди баалайм. Бирок аял менен болгон төшөк кумарынан соң өзгөрдүм, бул деген башка дүйнө, таптакыр башка байланыш экен”, - дейт Мэтт. Ал бир канча жыл чогуу жашаган шериги Крис аялзатын жетелеп келип, “турмушуна бүлүк салган” алгачкы күндөрдө кызыктай болуп, Кристин “экөөңдү тең сүйөм” деген сөзүнө кыжыры кайнап жүргөнүн айтат.

Кейт болсо үчилтик алакасы дароо эле сыйда жолго түшпөгөнүн, башында эки жигит чогуу жашаганын укканда көңүл кайт болуп, бирок бара-бара көнүп кеткенин, алгач кызганганын да жашырбайт: “Биринчи жолу чогуу болгондо адегенде мен кызганыч менен күрөштүм. Кристи Мэтт менен бөлүшкүм келген жок. Бирок бара-бара баары калыбына келди”.

Ошентип эки кумса жигит катарына аруу, ары назик зат кошулганы турмушу түрлөнүп, жашоо кызыктуу болуп калганын жашырбайт. Эки эркектин ортосунда эркелеген Кейт да өзүн бактылуу сезип, керемет турмушка кабылганына ыраазы.

Кейттин чоң атасы да бул жагдайдан кабардар экен. Үчилтикке батасын берүүгө үлгүргөн чоң ата эми кош күйөө баланын кимиси небересин биринчи болуп кош кат кыларын күтүп, эртерээк эле чебере жыттагысы келип жүрүптүр.
 

Үчилтиктин турмушунан ирмемдер


Facebook Пикир