Дүйнө

БУУ Иерусалимди Израил борбору катары таанууга каршы

  • 22 Декабрь 2017
  • 0
  • 1433

БУУнун Башкы Ассамблеясы Иерусалимди Израилдин борбору катары таныбоо чакырыгы менен чыкты. Башкы Ассамблеяга мүчө 193 өлкө бүгүн чукул жыйынга чогулуп, Вашингтонду Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган чечимин жокко чыгарууга чакырган резолюцияга добуш берди.

Документти 128 мамлекет колдосо, тогузу каршы чыгып, дагы 35и добуш берүүдөн карманган. Кыргызстан Иерусалимди Израилдин борбору деп таанууга каршы чыккан өлкөлөрдүн катарында болду. БУУга мүчө өлкөлөр кабыл алган резолюцияда Иерусалимдин статусун өзгөртүүгө багытталган бардык аракеттер юридикалык күчкө ээ эместиги баса белгиленген.

"Башкы Ассамблея Ыйык Иерусалим шаарынын статусун, демографиялык түзүмүн өзгөртүүгө багытталган кандай гана аракеттер болбосун юридикалык күчкө ээ эмес экенин  тастыктайт. Ошону менен бирге ал Коопсуздук Кеңешинин резолюциясынын негизинде жокко чыгарылат", — деп айтылат жыйындан кийин таратылган маалыматта.
 
Документте Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныган АКШ тууралуу түз сөз болгон эмес.
 
 Резолюцияга каршы добуш берген тогуз өлкө  -  АКШ, Израиль, Гондурас, Гватемала, Науру, Микронезия, Маршалл аралдары, Палау жана Того болду.
 
Украина, Молдова, Грузия, Түркмөнстан жана башка бир катар делегациялар добуш берүүгө катышкан жок. Борбор Азиядагы калган мамлекеттер (Өзбекстан, Кытай, Тажикстан жана Казакстан) БУУнун резолюциясын колдоду.

Башкы Ассамблеяда сүйлөгөн сөзүндө АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли резолюцияны колдобоого чакырып, Кошмо штаттар “бул күндү эстен чыгарбасын” эскертти.

Палестин лидери Махмуд Аббастын өкүлү Набиль абу-Рудейна БУУнун чечимин кубаттап, "Палестинанын жеңиши" деп атады.

БУУнун уставы боюнча Башкы Ассамблеянын чечими символикалык жана кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ.
 
Мунун алдында АКШ президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп таануу чечимине каршы БУУнун Башкы ассмаблеясынын резолюциясын колдоп добуш берүүчү өлкөлөргө каржылык жардам берүү токтотуларын эскерткен:

- Алар АКШдан миллиондогон, керек болсо миллиардаган доллар жардам алышат да, анан бизге каршы добуш бермекчиби… Мейли, добуш бере берсин, биз кайра эбегейсиз акчаны үнөмдөп калабыз. Бирок бизге каршы добуш бергендерди эч качан унутпайбыз, - деп айткан Трамп.

Мындай коркуткан билдирүүгө дүйнө лидерлеринен биринчи болуп Режеп Тайып Эрдоган жооп кылып, каяша айтып чыккан:

АКШны эмне деп атап жүрүшөт? Демократиянын бешиги дешет. А демократиянын бешиги болсо дүйнөдө сатыла турган эркти издеп жатат. Урматтуу Трамп, сиз Түркиянын демократиялык эркин долларга сатып ала албайсыз. Биздин чечимибиз ушул, - деп айтты Эрдоган 21-декабрда түрк парламентинде сүйлөп жатып.

Президент Дональд Трамп ушул ай башында - 6-декабрда Вашингтон Иерусалимди Израилдин борбору катары таанырын жана жакынкы жылдары АКШ элчилиги Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүлөрүн жарыялаган.

18-декабрда бул чечимди БУУнун Коопсуздук кеңеши карап, четке каккан. Аны четке кагууну АКШдан башка кеңешке мүчө 14 өлкөнүн баары колдогон эле. Бир күн өтпөй АКШ президент Трамптын Иерусалим боюнча чечимин четке каккан БУУнун резолюция долбооруна вето койгон.

Трамптын Иерусалим боюнча чечими араб жана мусулман өлкөлөрүндө катуу айыптоолор жана нааразылык акциялары менен коштолгон.

Түркия президенти Эрдоган 13-декабрда Стамбулга мусулман мамлекеттердин саммитин чакырып, мындан ары Кошмо Штаттар Израиль менен Палестин ортосунда ортомчу боло албастыгын билдирген. 48 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан бул саммитте Иерусалимди Палестинанын борбору деп таануу чечими кабыл алынып, Трамптын чечими түккө турбастыгы белгиленген.

Иерусалимдин чыгышын Израиль 1967-жылы жети күндүк согушта басып алган. Ал согушта Израиль АКШ жана Батыштын жардамы менен араб өлкөлөрүн талкалап, көп жерлерин басып алган. Анын ичинде Палестин жерлери, Сириянын Голан бийиктиктери жана башка жерлер Израилдин колуна өткөн.

Ал-Кудус же Иерусалим шаары мусулман дүйнөсүнүн үчүнчү ыйык калаасы катары да саналат. Ал жерде ал-Акса мечити жайгашып, пайгамбарыбыз Мухаммед алейсалам ушул шаардан Жабраил периште менен асманга учуп, Жараткандын кереметин көргөнү айтылып жүрөт.

Иерусалимди жөөттөр жана христиандар да эң ыйык шаары катары карайт. Ал Иса пайгамбар жашаган, крестке кагылып, каза болгондон кийин кайра тирилип, Жаратканга кеткен шаар катары кадырланат. 
 

Facebook Пикир