Дүйнө

Калифорния: бардагы атышууда 12 адам каза тапты. Видео

  • 08 Ноябрь 2018
  • 0
  • 31

Эс алуу жайына бейтааныш адам кирип келип отуз ирет ок чыгарган

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Калифорнияда бардын ичиндеги атышууда 12 адам каза болгонун РИА Новости аймактык полициянын шерифи Джефф Динге шилтеме берип жазды.  

Анын айтымында, каза тапкан полиция кызматкери, сержант Рон Хилус аймактык департаментте көп жыл иштеген. Сержантты аткан киши дагы каза тапкан. Азырынча ал өзүн атканы же башка бирөө окко учурганы белгисиз. Тапанча кимге таандык экени белгисиз. 

To view this video please enable JavaScript, and consider upgrading to a web browser that supports HTML5 video

Ошондой эле каза тапкандардан тышкары 12 адам жаракат алган. Атышуу студенттик кече өтүп жаткан Borderline барында болгон. Кырсык учурунда жүздөн ашык адам бар болчу. Эс алуу жайына бейтааныш адам кирип келип отуз ирет ок чыгарган. Басылмада полиция бул теракт эмес деп баалап жатканы айтылат. 

Булак: Спутник


Facebook Пикир

Сурамжылоо

Жол кырсыгы көбөйүшүнө эмне себеп?

  • Айдоочулук сабатсыздык – 94 Добуш / 61%

  • Жолдордун начардыгы – 14 Добуш / 9.1%

  • Коррупциялашкан система – 46 Добуш / 29.9%

Жалпы добуш: 154
Жыйынтык

Көп окулган

Бул күн тарыхта