Дүйнө

Москва Батышка каршы санкцияларды киргизди

  • 07 Июнь 2018
  • Лазат Жаныбек кызы
  • 0
  • 1658

Орусияда АКШнын жана башка чет өлкөлөрдүн достукка ылайыксыз аракеттерине каршы санкциялар жөнүндө мыйзам күчүнө кирди.

Орусияда АКШнын жана башка чет өлкөлөрдүн достукка ылайыксыз аракеттерине каршы санкциялар жөнүндө мыйзам күчүнө кирди.

Орус президенти Владимир Путин АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн санкцияларына каршы мыйзамга кол койду. «АКШ менен башка чет өлкөлөрдүн достукка ылайыксыз аракеттерине каршы чаралар жөнүндө» деп аталган мыйзамдын долбоорун майдын аягында Мамлекеттик Дума үчүнчү окууда бекиткен.

Мыйзамдын баштапкы үлгүсүндө Орусияга Батыштын айыл чарба азыктарын, дары-дармектерди, алкогол менен чылымды импорттоого толук жана жарым-жартылай чектөө киргизилген. Кийин документтен мындай тактоолор алынып салынган.

Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин муну президент менен өкмөткө өз алдынча каалашынча чара көрүүгө укук берилгени менен түшүндүрөт:

- Биздин өлкө, экономика жана жумуш орундары корголушу үчүн биз президентибиз менен өкмөткө кенен ыйгарым укуктарды бердик.

Анткен менен чет өлкөлүк дары-дармектин, медициналык аппараттар менен товарлардын импортуна чектөө киргизүүгө оорулуу жана майып адамдарга жардам көрсөткөн бир катар өкмөттүк эмес уюмдар каршы чыгышкан. Андан соң Мамдуманын депутаттары Орусияда өндүрүлбөгөн, адамдын өмүрү үчүн биринчи иретте керектелүүчү өндүрүмдөргө тыюу салбоого убада беришкен.

Эми күчүнө кирген мыйзамда АКШнын жана башка чет мамлекеттердин жарандарынын Орусияда иштешин чектөө, америкалыктарга Орусияда жеке менчикке мүлк сатып алууга тыюу салуу сыяктуу чаралар гана каралган. Ошондой эле мыйзам америкалык товарлардын Орусияда өзүнчө үлгүлөрүн чыгарууга жол ачып, президент менен өкмөттүн чечими боюнча кошумча чектөөлөрдү киргизүүгө жол берет.

Орус бийлиги достукка ылайыксыз мамиледеги чет өлкөлөргө карата мындай чараларды АКШнын апрелдеги соңку санкцияларынан кийин иштей баштаган. Анда АКШнын Финансы министрлиги бутага 24 орусиялык ишкер менен аткаминерди, 14 жеке менчик жана мамлекеттик компанияны алган. Санкциялар «орус бийлиги бүткүл дүйнө боюнча зыяндуу аракеттерди көрүп, анын ичинде Крымдагы оккупациясын улантып, Украинанын чыгышында зордук-зомбулукту колдоп жаткандыгы, өз жарандарын бомбалап жаткан Асаддын режимин курал менен жабдыганы, Батыштын демократиясын солкулдатуу аракеттери, кара ниеттикти көздөгөн киберишмердиги үчүн» киргизилгени айтылган.

АКШнын санкциялары орус экономикасына кедергисин тийгизип жатканын мурдагы финансы министри, учурда Эсеп палатасын жетектеп турган Алексей Кудрин моюнга алган. Ал улам жаңы чектөөлөр абалды оорлотуп турганын белгилеген.

- Санкциялар экономиканын өсүшүнө таасирин тийгизип жатат. Акыркы чектөөлөргө чейин экономиканын өсүшү ички дүң өнүмдүн 0,2-0,3 пайызына чейин түшкөн. Эми жаңы санкциялардан кийин бул көрсөткүч 0,5га чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Биз аткаруучу иштер менен пландар ушундай тышкы саясий коркунучутардан улам тоскоолдуктарга кабылууда, - деген эле май айында Санкт-Петербургда өткөн эл аралык экономикалык форумда Алексей Кудрин.

Ал эми экономист Руслан Гринберг Москванын чет өлкөлөргө каршы чаралары тескери натыйжа берет деген ойдо.

- Негизинен, биз өзүбүздү өзүбүз эле жазалап жатабыз. Санкция деген бул бирөөнө жаман болсо, экинчисине андан жаман деген сөз. Анын үстүнө эки өлкөнүн экономикалык дараметин салыштырууга болбойт. Америкалыктарга бул чектөөлөрдүн зыяны деле тийбейт. Биз болсо ор казып коюп, анан ага кантип өзүбүз түшүп калбаш үчүн жол издешибиз керек.

Орусиянын биринчи финансы министри, «Жарандык демилге» партиясынын башчысы Андрей Нечаев учурда орус өкмөтү кошумча нарк салыгы менен киреше салыгын көбөйтүүнү, буга кошумча катары пенсия курагын көтөрүүнү пландап турганына токтолду.

- Калктын жашоосу начарлаганы көрүнүп турат. Бирок ачкачылык жөнүндө сөз жок. Орусияда экономиканы канчалык талкалашса да, ал санкциялар менен мунайдын арзандашына байланыштуу кыйынчылыктардан өтүүгө жардам берүүдө. Абал 90-жылдардагыдай деп айтууга болбойт. Анда биринчи керектөөдөгү азык-түлүк дефицит болгон. Азыр болсо абал кыйла начарлады. Буга эл көнүп кетүүгө аракет кылып жатат.

Орусияда жыл башында социологиялык сурамжылоо жүргүзгөн «Левада» борбору орусиялыктардын 63 пайызын баалардын өсүшү кооптондурарын аныктаган. Ал эми калктын 47 пайызы маанилүү маселе катары жакырчылыкты белгилешкен. Ошол эле маалда сурамжылоого катышкандардын 47 пайызы Владимир Путиндин башкы жетишкендиги катары «Орусияга улуу держава деген статусту кайтарганы» деп билдиришкен.

Булак: Азаттык

Булак:


Facebook Пикир

Сурамжылоо

Жол кырсыгы көбөйүшүнө эмне себеп?

  • Айдоочулук сабатсыздык – 94 Добуш / 61%

  • Жолдордун начардыгы – 14 Добуш / 9.1%

  • Коррупциялашкан система – 46 Добуш / 29.9%

Жалпы добуш: 154
Жыйынтык

Көп окулган

Бул күн тарыхта