Дүйнө

Путиндин триумфу

  • 19 Март 2018
  • Айданбек Акмат уулу, Elnews.media
  • 0
  • 1626

Горбачев, Ельциндин башаламан мезгилинде жакшы жетекчиге зарлаган Орусия калкы Владимир Путинди колунан чыгаргысы келбей турат. Бул 18-марттагы шайлоонун жыйынтыгынан көрүнүп турат.

Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 67.46% катышты. Бул добуш берүүгө 73 млн. 360 миң киши келди дегенди билдирет. Булардын ичинен Владимир Путинге 76.66% добуш берген. Экинчи орундагы коммунисттер талапкери Грудинин 11.8% добуш алган. Жириновский 5.66% менен үчүнчү орунду ээлеген. Бул бюллетендердин 99.84% саналып бүткөндөн кийинки жыйынтык. Ошондуктан шайлоо жыйынтыгында эч кандай өзгөрүү болбойт.

Көрө албагандар шайлоо атаандаштык негизде өткөн  жок деп канчалык иритме кылбасын, Орусияда шайлоо болду, калкка 8 талапкер чыкты. Алардын ичинде либералы да болду, коммунисти да болду, сталинисти да болду, шоувумени да болду.

Батыштын басылмалары, эксперттери Навальный шайлоого жолотулган жок, Немцов атып өлтүрүлгөн, алар Путинге реалдуу атаандаш болмок деп канчалык кыйдыланбасын, чындыгында алардын арымы алыстамак эмес.

Путин мезгилинде Орусия дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекеттердин бирине айланды. Элдин жашоо тиричилиги оңолду, айлык маянасы көбөйдү. Орточо айлык учурда 35-36 миң рубль. Дал ошол себептен жүз миңдеген биздин мекендештер ушул өлкөдөн нан таап жүрүшөт.

Орусия чыныгы көз карандысыз тышкы саясат жүргүзгөн дүйнөдөгү саналуу өлкөлөрдүн бири. Ошондуктан анын дүйнөнүн кожоюнубуз деген АКШ баш болгон батыш менен тирешүүсү күч алууда. Ушундай эле сыноолорго Түркия дагы туш болууда. Түркия да чыныгы көз карандысыз тышкы жана ички саясат жүргүзүү аракетине байланыштуу батыштын кодулоосуна кабылып келатат.

Батыш демократия, адам укуктары,мыйзамдуулукту сактоонун идеалы болуп турат. Бирок батыштагы кош стандарттуулук дүйнөдө көп нерсени иритип, нааразылыкты, апааттарды жаратып келатат. АКШ жана батыштын кош стандарттуу саясатынан Палестин калкы ачык асман астындагы абакта жатат. Ирак талкаланды. Ливия талкаланды. Батыштын кош стандарты 18 кылымдагы Кытай менен апийим согушундагыдай эле “гүлдөп” келатат…

Facebook Пикир

Сурамжылоо

Жол кырсыгы көбөйүшүнө эмне себеп?

  • Айдоочулук сабатсыздык – 94 Добуш / 61%

  • Жолдордун начардыгы – 14 Добуш / 9.1%

  • Коррупциялашкан система – 46 Добуш / 29.9%

Жалпы добуш: 154
Жыйынтык

Көп окулган

Бул күн тарыхта