Экономика

Жаратылыш газы Жапалакка жетти

  • 13 Апрель 2018
  • 0
  • 205

Оштун Жапалак айылына жаратылыш газы бериле баштады. Бул “Газпром Кыргызстан” компаниясынын өлкөнү газдаштыруу программасынын алкагында ишке ашты.

 
13-апрелде Ош шаарынын жака белиндеги Жапалак айылына көгүлтүр от келишине арналган салтанат өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана “Ошгаз” филиалынын директору Рашид Тагаевдер катышты.
 
 - Жапалак айылынын тургундарын куттуктайм. Айылга СССР доорунда тартылбаган газ түтүктөрү бүгүн тартылып отурат. Муну менен 600гө жакын турак-жай жаратылыш газына кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бүгүнкү күнү “Газпром” өз милдеттенмелерин аткарып жатканын көрүп жатабыз жана республика боюнча эски түтүктөрдүн ордуна жаңы газ түтүктөрүн тартып жатат. Алар өткөн кылымдын 60-70-жылдары тартылган экен. Ал түтүктөрдүн иштөө мөөнөтү 25 жылды гана түзөт. Эгерде биз “Кыргызгазды” “Газпром” компаниясына бербегенде, 5-10 жылдан кийин бул ишкананын тагдыры өтө оор болуп калмак. Бир сөз менен айтканда, газ берүү үзгүлтүккө учурамак”, - деп билдирди Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев.
 
Шаар башчысы андан ары “Газпром” компаниясы келген убакыттан тарта өлкөдөгү газдаштырылбаган айылдарды газдаштыруу тапшырмасы берилгенин, жалпысынан келечекте Жапалак, Он-Адыр, Орке, Кеңеш айылдарындагы 13 560 кожолук газ менен камсыз болорун кошумчалады.
 
“Газпром Кыргызстан” компаниясынын “Ошгаз” филиалынын директору Рашид Тагаев айыл тургундарын куттуктап, жыл аягына чейин Жапалак айылынын дагы бир нече көчөлөрү газдаштырылаарын билдирди:
 
- Жапалак айылынын Монуев, Осмонов жана Айтиев көчөлөрү дагы толук газдаштырылат. Жалпысынан 3000 адам газга кошулат. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен.
 
Көп жылдан бери эми гана көгүлтүр отко жетип отурган айыл тургундарынын кубанычында да чек жок.

 - Бүгүн биздин айылда чоң майрам. Мамлекеттик органдардын жана “Газпром Кыргызстан” компаниясынын кызматкерлерине терең ыраазычылыгымды билдирем. Аз убакыттын ичинде көп жумуштар аткарылды. Алардын кээ бири бекер жүргүзүлдү. Баардыгыңыздарга чоң рахмат. Кыргызстаныбыз гүлдөп өсө берсин!”, - дейт Жапалак айылынын тургуну Бектемир Анаппаев.
 
Газ  өткөргүчтөрдү куруу жана газдаштыруу иштери Кыргыз Республикасын газдаштыруу жана газ менен камсыз кылуу боюнча башкы схемасынын жана “Газпром Кыргызстан” ишканасынын инвестициялык программасынын алкагында ишке ашты. Жалпы узундугу 5,5 чакырымды түзгөн газ бөлүштүрүүчү өткөргүчтөрдүн долбоорлоо жана курулуш иштеринин жалпы чыгымы 9,5 млн. сомду түздү.  
                                   
Конушту жаратылыш газы менен камсыз кылуу үчүн газды көзөмөлдөөчү жаңы пункт курулуп, ишке берилди. Жумуштар күбөлөндүрүлгөн материалдарды колдонуу менен ишке ашып, атайын норма жана стандарттардын бардык талаптарына жооп берет.
 
 Маалымат:
 
Өткөн 2017-жылдын жыйынтыгы менен “Газпром Кыргызстан” компаниясы тарабынан ошол жыл үчүн инвестициялык программа толугу менен аткарылды:
 
  • 350 чакырымдай газ өткөргүчтөр курулуп, 20 000 турак-жайды камтыган 100 000 абонент газга кошулуу мүмкүнчүлүгүн алды. Жаратылыш газы 15 калктуу конушга берилди. Экологиялык таза отунга Бишкек шаарынын, Чүй жана Ош облустарынын жашоочулары кошулду.
  • Маанилүү болгон “Бухара газ району – Ташкент – Бишкек – Алматы” магистралдык газ өткөргүчү курулуп, ишке берилди.
  • Жаңы газ бөлүштүрүүчү “Сокулук станциясы салынып, ишке берилди.
  • Ленин айылындагы автомобилдик газ топтомо компрессордук станциясы реконструкциядан өткөрүлдү.
  • Стратегиялык маанидеги объекттер курулуп бүткөрүлдү: борбордук аппараттын жаңы кеңсеси, окутуу-өндүрүштүк борбору, Токмок шаарындагы өндүрүштүк участогунун кеңсеси.
  • Дагы бир маанилүү объект: Казакстанга транспорттолуучу газды эсепке алуучу “Чүй” эсептегич түйүнү.
 
Бүгүнкү күндө өлкөнүн 26% жаратылыш газы менен камсыз болгон. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын стратегиялык тапшырмасы - Кыргыз Республикасын газдаштырууну 2030-жылга чейин азыркы 26 пайыздан 60 пайызга чыгаруу.
 

Жапалактагы газ салтанатынан ирмемдер


Facebook Пикир