Кино

“Кош келиңиз” – өлкөнү даңазалачу экшн-комедия

  • 07 Май 2017
  • Гүлира Байзакова
  • 0
  • 2739

Кыргыз киносун “Кош келиңиз” аттуу дагы бир жаңы тасма толуктады. Экшн-комедия жанрындагы бул фильм 4-майдан тарта өлкөбүздүн бардык кино театрларында коюла баштады. Жаңы форматтагы бул тасманын жаратуучулары “Кабар 24” агенттигинде конокто болушуп, фильмдин өзгөчөлүктөрү тууралуу ой бөлүштү.


Бектемир Мамаюсупов, продюсер: “Мекенимди даңазалагым келди”

 - Алгач “Кош келиңиз” тасмасын тартуу идеясы кантип жаралганын уксак...

- “Салам Нью-Йорк” тасмасын кийин, өзүм тасма тартсам деп максат койгон элем. Ошентип 4-5 жылдан бери Кыргызстанды дүйнөгө даңазалай турган, бирок комедия жанрындагы бир фильм тартууну кыялданып жүргөм. Акыры ошол идеямды ишке ашыруу үчүн былтыр декабрда команда чогулта баштадым. Орусиянын ТНТ телеканалынын “Универ” деген сериалында Эмил аттуу кыргыз жигит иштейт. Ал аркылуу Орусиядагы кыргыз режиссеру Медербек Жалилов менен тааныштык. Анын буга чейинки иштерин карап чыктым, бюджети 100 миллион рубльду чапчыган “Александр Пересвет – Куликово эхо” деген киного өзү сценарист, өзү режиссер болгон экен.

Аны менен байланышып идеяларымды айттым, Кыргызстандагы эки сезонду тең көрсөтөлү, жаратылышты тартуу менен бирге туристтерди да өлкөгө тарталы дедим. Медербек байке январда учуп келди. Ал сценарист Ислам Асылбеков экөө сценарийге отуруп, бир айдын аралыгында бүтүрүштү. Анан профессионалдардан турган команда чогултуп, тасманы тартууга кириштик. Көпчүлүк эпизоддор Караколдогу “Каприз” лыжа базасында тартылды.

- Кычыраган кыш мезгилинде тартылыптыр да...

- Ооба, чынында кыйын эле болду, күн суук, тоодо жүрөбүз дегендей. Бирок кызык болду. Иши кылса чыгармачыл топ ары татаал, ары кызыктуу ишин февраль айында Караколдон бүтүрүп, март айынын  башы менен борбор калаабызда улантты. Өзүм продюсер да болдум, башкы каарман да болдум. Кыскасы процесс абдан динамикалык абалда жүрүп жатты.

Менден сырткары орусиялык белгилүү актер Александр Головин да бир башкы каармандын ролун аткарды. Ал Медербек Жалиловдун тасмаларына буга чейин эле тартылып, аны менен иштешип жүргөн экен. Ошондуктан бул жагынан кыйынчылыктар болгон жок.

- Алексанр Головин кайсы ролду аткарды?

- Ал Америкада жашаган орустун ролун ойноду. Кыскача айтканда, ал Кыргызстанга келгенде артынан бир киллер кошо аңдып келет. Мен туристтик агенство иштетем, өзүм тосуп алып шаарды кыдыртам, чогуу саякаттайбыз, бирок артыбыздан киллер аңдып жүргөнүнөн кабарыбыз жок, бейкапар жүрө беребиз. Киллер ыңгайы келе калганда эле бизди өлтүргөнгө аракет кылып, бирок дайыма эле бир нерсе тоскоол болуп калат, кыскасы иши оңунан чыкпаганына бушайман болот.

Эгер биз жаратылышты гана чагылдыра берсек кино супсак болуп, максатына жетпей калмак. А биз ар кандай кызык учурларды кошуп, көрөрманды кызыктырууга, мыкты тасма жаратууга болгон аракетибизди жасадык.

- Тасма кайсы катмарга ылайыкталып тартылды?

- Бул кинону тилди түшүнгөн баладан тарта, 60-70 жаштагы апа-аталарыбыз да  көрсө боло берет. Эпизоддордо эч кандай уят, же этикага туура келбеген сөздөр колдонулган эмес. Негизинен экшн-комедия жанрында тартылып, юмордун жаңы түрлөрү колдонулгандыктан кызыктуу болду окшойт.

- Каражат жагы кандай болду?

- Башында жакшы эле демөөрчү издедик. Акыры “Авангард-стиль” курулуш компаниясынын башкы директору чыгымдын бир бөлүгүн көтөрүүгө макул болду. Калган бөлүгүн өзүм үйүмдү сатып жабууга туура келди.

- Ошондо баш-аягы канча каражат сарпталды?   

-120 миң доллар короттук. Бирок мындай суммада кино тартуу азыркы замандын талабына аздык кылат. Ошондуктан бардыгын үнөмдөгөнгө туура келди. Тааныштар да жардам берди дегендей. Негизгиси - актерлор өз ишин мыкты аткарып беришти, а аларга “иштесең тиштейсиң” дегендей айлыктары убагында төлөнүп турду...

- Актерлор биз Орусиядан келдик деп гонарарын көтөрүү талабын койгон жокпу?

- Жо-ок, андай болгон жок. Тескерисинче биздин кээ бир актерлор (атын айтпай эле коёюн) ошондой талаптарын айтып атышты... А Орусиядан келген конок актерлор режиссердун таанышы болгондуктан иштешүү оңой болду.

- Демек фильмди тартуудагы идея ишке ийгиликтүү ашты?

- “Кош келиңиз” тасмасынын башкы идеясы – Кыргызстанга туристтерди тартуу, кооз жерлерибизди даңазалоо менен бирге каада-салт, нарк-насилибизди, меймандостугубузду дүйнөгө таанытуу, жайылтуу. Биз албетте максатыбыз ишке ашты деп ойлоп атабыз, бирок баштапкы идеябыз, максатыбыз канчалык ишке ашканына эми көрөрман журту – эл баа берсин.
 

Медербек Жалилов, режиссер: “Жалаң позитив...”
 

- Тасма эки айда эле тартылып бүтүптүр, жакшы кино тартуу үчүн бул убакыт тар эмеспи?

- Негизи жакшы тасма тартылыш үчүн, бардык шарттарды эске алганда, сценарий даяр болгон соң бир канча ай алдын-ала даярдыктар көрүлөт. Бизде убакыттын тар болгондугуна байланыштуу эпизоддорду тартууда бат-баттан бардыгын эриш-аркак даярдоого туура келди. Кичине кыйынчылыктар болду, албетте. Алдын ала декорацияларды, реквизиттерди кыска мөөнөттүн ичинде даярдап жаттык.

Картинанын директору Адил Урдинов күнү-түнү талыкпай эмгектенип жатты. Андан сырткары тасмабыз кыш айларында тоолордо тартылды, ошого байланыштуу актерлор үшүп, тоого чыкканда кан басымы көтөрүлүп... иши кылса ар кандай кыйынчылыктар коштоп турду. Эми бул биздин ишибиз, бардык эле учурлар бир гана жерде, жылуу-жумшак кеңседе тартылбайт. Бирде сууда, бирде музда, бирде отто дегендей... Менимче, кино тартуу ошонусу менен кызык, кинону сүйгөн адам гана ошого чыдаса керек.

- Актерлор кантип тандалды?

- Кастинг уюштурууга убактыбыз болгон жок. Сценарийде жазылган, кыялыбызга жакын актерлорду өзүбүз эле тандап алдык. Байкаштырып, сураштырып тандадык дегендей. А башкы каарман үчүн Орусиядан чакырткан Александр Головин менин мурда тарткан тарыхый тасмамда роль жараткан. Андан сырткары Бектемир Мамаюсупов да негизги каарман катары ойноду. Калгандары биздин өлкөдөгү театр жана кино актерлору болду.

- Эмне үчүн комедия жанрын тандап алдыңыздар?

- Мага тасма тартуудан мурун андагы окуялардын, тасмадагы каармандардын жоруктары жагыш керек. Эгерде элди жамандыкка үндөгөн жагымсыз окуялар болсо тасма тартууга дитим барбайт. Андыктан бул жаңы тасмабыз жалаң позитивдүү маанайда болду. Чылым чегүү, ичимдик ичүү жана зордук-зомбулук көрсөтүү сыяктуу учурлар жок. Сөзгө караганда көбүнчө окуялар басымдуулук кылат. Союз убагында тартылган “Операция Ы”, “Кавказ туткуну” сыяктуу кинолорго окшоп кетет.
 

Ислам Асылбеков, сценарист: “Акылдашып отуруп, аз эле  убакытта жазып койдук”

 
- Сиздин сценарий жазууңузга эмне түрткү болду?

- Негизги идея Бектемир Мамаюсуповдуку болду, бирок көптөгөн сюжеттерди режиссер байкебиз ойлоп тапты. Сценарийди режиссер Медербек Жалилов менен бирге акылдашып жаздык. Көп деле кыйынчылык болгон жок. Эки жумадан ашык убакыт талап кылынды. Тасма тартылганда чогуу жүрдүм. Бул чөйрөгө алгач аралашканым үчүн абдан кызыктуу болду.

 
Адил Урдинов, тасманын директору: “Кайсы өлкөдө болсо да көрсө бере турган тасма”

 
- Сиз кино дүйнөсүнө кантип аралашып калдыңыз?

- Биринчиден, мени тасманын идеясы кызыктырды. Жалаң гана коммерциялык эмес, Кыргызстанды дүйнөгө даңазалай турган долбоорлордун бири болду десем болот. Европадабы, же кошуна Казакстандабы, иши кылып кайсы өлкөдө болсо да көрө бере турган кино деп эсептейм.

Экинчиден, тасмадагы топ профессионал адистерден куралган үчүн алар менен иштешүү кызык болду. Режиссер Медербек Жалилов азырынча өз өлкөсүндө анча таанымал эмес, бирок Орусияда кыйла белгилүү. Демек өзүм үчүн бул кишиден үйрөнө турчу нерсе бар деп чечим чыгардым.

- Фильм эмнеге орус тилинде?

- Негизи орус тилинде, бирок кыргызча субтитри менен чыгат. Себеби азыр көпчүлүк үчүн орус тилинде кабыл алуу ыңгайлуу. Анын үстүнө тасма жалаң кыргыз тилдүү аудитория үчүн эле эмес. Эгер Европада, же орус тили колдонулбаган башка өлкөлөрдө көрсөтүлө турган болсо, англисче субтитр колдонулат.

- Кино жаратуу учурунда кандай кызыктуу окуялар эсиңизде калды?

- Мени ар бир күн уникалдуулугу, өзгөчөлүгү менен таң калтырды. Тоодо тартылган кадрлар абдан кызыктуу болду. Ачык асманды тарталы деп жатканда туман каптап кетип, 5 мүнөттүн ичинде эч нерсе көрүнбөй калып жатты. Анан башка күнгө калтырууга туура келди. Караколдон баары шашып жүрүп, мени кечки тамакка унутуп кеткен учурлар болду. Эми негизинен чыгармачыл адамдар менен иштешүү өтө кызык экен.

Эми бул фильмдин уландысы болбосо да башка бир долбоорду пландап жатабыз. Улуттун жоголгон байлыгы дегендей бир чети тарыхый, бир чети илимий фантастика аралашкан, Кыргызстандын бардык аймактарын камтыган, элдин көңүлүн жакшы жакка бура турган жаңы долбоор даярдап жатабыз. Буйруса бул чек эмес, баары алдыда!
 
 

"Кош келиңиз" тасмасын тартуу учурунан ирмемдер


Facebook Пикир