Коом

Алты жүз миң сомду илип кеткен абактагы алдамчы

  • 07 Февраль 2018
  • 0
  • 3278

Ошто абакта отурган адам телефон аркылуу ар кимди алдап, жалпысынан 600 миң сом акча өндүргөнү аныкталды. Ага эркиндиктеги жүргөн бир аял көмөктөшүп жүргөн.

Өзү абакта отуруп алып, баш-аягы жети адамды сыздатуу менен ири акчага туйтунган алдамчынын бети ачылганын Ош шаардык милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
 

Алдамчылыктын “акыбети”

 
Алдамчылык үчүн кесилип, абакта отурган шылуун үйрөнгөн адатын түрмөдө да улантып келген. 37 жаштагы бул адам Оштун Ноокат районунун тургуну, буга чейин тогуз жолу соттолгон.
 
Шылуун абактан ар кимге телефон чалып, жакын адамы кырсыкка кабылганын, тез арада акча керектигин айтып алдап жүргөн. Ага ишенгендер айткан адамына сураган акчасын берип келген. Акчаны эркиндикте жүргөн 28 жаштагы аял аркылуу алып турган. Мындай алдамчылык менен ал Ошто жети адамды сызга отургузууга жетишкен.
 
Бул иштен шек санап калган Ак-Буура милиция бөлүмүндөгү тергөөчүлөр алдамчылыктын артынан түшүп, тиешелүү далилдерди топтошкон. Кылмыш иши боюнча далилдер сотко өткөрүлгөн соң Ош шаардык соту абактагы алдамчыны 16 жылга кести. Буга чейинки жаза мөөнөтүнөн калган 9 жыл кошулуп, алдамчы жалпы жонунан эми дагы 25 жылдык өмүрүн абакта өткөрө турган болду. Ал буга чейин да алдамчылык менен соттолгон экен.
 
Көп өтпөй ага кол кабыш кылып, алданган адамдардын акчасын алып жүргөн 28 жаштагы аял да колго түштү. Учурда бул аял мындан башка да кылмыш иштерге тиешеси бардыгы шектелип, тергөө жүрүүдө.
 

Кантип алдашкан?

 
Абактагы отурган алдамчы элди кантип алдаганы боюнча айрым фактылар:
 
1.    Оштун Ак-Тилек конушунда жашаган 62 жаштагы кишиге телефон чалып, машина айдап бараткан уулу бирөөнү өлтүрө сүзүп алганын эбиреп-жебиреп атып, тез арада шаардагы Касымбеков көчөсүндөгү бир дарекке 70 миң сом алып келүүгө көндүргөн.
 
2.    Ошол эле конушта жашаган 61 жаштагы аялды да ушундай ыкма менен алдап, 70 миң сом алган.
 
 
3.     Аталган конушта жашаган 52 жаштагы дагы бир аялга чалып, уулунун досу болорун айтуу менен ишенимге кирген. Ага да уулу машина менен баратып, алты жаштагы баланы коюп кеткенин, каза болгон баланын туугандарына тезинен 100 миң сом бербесе иш ырбап кетерин айтып алдаган. “Аяш уулуна” ишенген аял айткан жерине 100 миң сом алып барып берген.
 
4.    Ноокаттын 57 жаштагы тургунуна уулунун атынан чалып, бирөөнү машина менен сүзүп алганын айтып, кутулуш үчүн 60 миң сом, 35 миң рубль сураган. Алдамчылыгын ишке ашыруу үчүн телефондун ары жагынан өңгүрөп ыйлап да жиберген. Ишенчээк эне акчасын айткан жерине жеткирип берген.
 
 
Ушундай окуялардан улам Ош шаардык милициясы жарандарды эгер кимдир бирөөлөрдөн ушундай чалуулар болуп калса акча берүүгө ашыкпай, иштин чоо-жайын тактап алууга чакырат.


 

Facebook Пикир

Сурамжылоо

Жол кырсыгы көбөйүшүнө эмне себеп?

  • Айдоочулук сабатсыздык – 94 Добуш / 61%

  • Жолдордун начардыгы – 14 Добуш / 9.1%

  • Коррупциялашкан система – 46 Добуш / 29.9%

Жалпы добуш: 154
Жыйынтык

Көп окулган

Бул күн тарыхта