Коом

Бишкектеги 96 май куюучу жайдын 40ы гана калышы керек

  • 09 Октябрь 2019
  • 0
  • 10

Калган 57 станциянын 42си өрт коопсуздугуна, 15и шаардын башкы планына туура келбейт. Мындай май куюучу жайлар түрттүрүлүп, ордуна башкы планда каралган нерселер салынат.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев калаада учурда 96 май куюучу жай болсо, анын 57си талапка жооп бербей турганын шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында айтты.

Ал талапка жооп бербеген май куюучу жайларды жабуу боюнча кандай аракеттер көрүлө турганын да билдирди. Биринчиден, мындай жайлардын ижара мөөнөтү узартылбайт жана ал объект түрттүрүлүп, ордуна башкы планда каралган нерселер курулат. Андан сырткары, сот жана прокуратура органдары тарабынан иштер аткарылат.

"Шаардагы 96 май куюучу жайдын 40ы гана калышы кажет. Калгандары алынып, же шаардын тышына чыгарылат. Бүгүнкү күнү башка жол жок", — деди Азыгалиев.

Ал талапка жооп бербеген 57 май куюучу жайдын 42си өрт коопсуздугуна, 15и шаардын башкы планына туура келбей турганын кошумчалады.

Булак: Спутник


Facebook Пикир