Коом

Депутат Кодуранова спецназды барымтага алган деп күнөөлөндү. Сот кандай чечти

  • 09 Октябрь 2019
  • 0
  • 5

Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан Кодуранованын интернет жана мобилдик телефонду колдонуусуна тыюу салышын суранды.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова үй камагына алынды. Бул туурасында Sputnik агенттигине анын адвокатты Бакытбек Автандил уулу айтып берди.

Биринчи май райондук соту 9-октябрда анын баш коргоо чарасын караган. Жактоочунун айтымына караганда, Кодурановага 244-беренесинин (“Барымтага алуу”) негизинде айып тагылган.

Биринчи май райондук сотунан бул маалыматты тастыкташты. Ал эми жакында эле Кой-Таш окуясы боюнча кармалган Алга Кылычев Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына каршы көрсөтмө берген болчу.

Эске салсак, 7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ал максатына жеткен эмес. "Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү, ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Булак: Спутник


Facebook Пикир