Коом

Кайненесинин башын кескен келин 20 жылга кесилди

Кайненесин мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген келин, 29-август, 2017. (Ош ШИИБинин маалымат кызматы тараткан сүрөт).
  • 02 Февраль 2018
  • 0
  • 2985

Өткөн жайда Ош шаарында бир келин кайненесин башын кесип, таштандыга ыргытып жибергени тууралуу кабар оштуктарды эле эмес, бүтүндөй өлкө калкын “селт” эттирген. 2-февралда Ош шаардык соту ошол келинди 20 жылга абакка кескен өкүм чыгарды.

Өлтүрүлгөн аялдын денесин кескилеп, таштандыга таштоого көмөктөшкөн келиндин бир тууган эжеси 4 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Сот өкүмүнө ылайык, 20 жылга кесилген келин жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт.
Мыкаачылык ишти жаап-жашырууга жардамдашкан эжеси аялдар колониясында болот.  
 
Былтыр 27-августта Ош шаарынын чок ортосундагы көчөлөрдүн бириндеги таштанды челектен аялдын башы кесилген денеси табылганы тууралуу кабар бүтүндөй өлкөгө дүң болуп, жүрөк үшүткөн эле. Аны уккандын баары мындай мыкаачылыкка адам колу кантип барганына айраң калган. Үрөй учурган окуянын изине түшкөн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери эки күн дебей бул оор кылмыштын бетин ачууга жетишип, шектүүлөрдү кармашкан.

Шаардык милициянын маалымат кызматы ошол учурда кабарлашынча, мыкаачылыкка кабылган аял Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынын 51 жаштагы Жумагүл Арзыбаева аттуу тургуну болуп чыккан. Маркум үй-бүлѳсү менен Кара-Суунун Мады айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы үйүндө жашап турган.

Бул мыкаачылыкка шектелип, маркум аялдын карачечекей келини - 25 жаштагы Умсунай менен анын 37 жаштагы Гүлнара аттуу бир тууган эжеси кармалган.

Кандуу окуя маркум аялдын баласынын Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү үйүндө болгон. Аял ошол күндөрү баласынын үйүндө турган экен. Келиндин алгачкы суракта айтышынча, кайненеси аны дайыма кодулап, “сен балама татыксызсың, силерди ажыраштырам” деп айтып келген жана ал үй-бүлөсүн сактап калуу амалында ушундай акылсыз ишке барган имиш.

Каргаша баскан ошол 26-август күнү да эртең мененки жетилер чамасында уулу ишке кеткен соң кайнене адатынча келинине киришип-иришип, катуу сөздөрдү айтуу менен ажырашуу маселесин кайра козгойт. Анан кайра өзү жаткан бөлмөгө кирип, көзү илинип кетет. Ачуу сөзгө арданган келин ушул учурдан пайдаланып, кайненесинен өч алуу үчүн тыштан таш алып келип, башы-көзүнө койгулап кирет. Качан өлтүрүп алганын билгенде гана эс-учун жыйнап, бир тууган эжесине телефон аркылуу кылган ишин саймедирейт. Бул учурда сааттын жебеси тогузду уруп койгон эле.

Анан эжеси экөөлөп кайнененсин сөөгүн чоң сумкага салат да, такси менен эжесинин Анар кичи районундагы үйүнө алып барып, балконго чыгарып салышат. Эже-сиңди кылмыштын изин жашыруу амалын издегенче көпкө кеңешип-таңашып отуруп, акыры сөөктү мүчөлөп таштоо чечимине келишет.

Түшкү саат экилерде Умсунай табылган амалды ишке ашыруу үчүн Оштун борбордук базарына түшүп, чоң баштык менен курч бычак сатып келет. Эжеси Гүлнара өзүнүн жана сиңдисинин балдарын алаксытуу үчүн сыртка алып чыгып кеткенде Умсунай ишке киришет. Көп өтпөй балдарды сыртка таштап келген эжеси да көмөктөшүп, экөөлөп аялдын кесилген башын полиэтилен баштыкка салат. Андан ары буттарын кескилеп, жиликтеп-мүчөлөп салмакчы болушат. Бирок ага дарамети жете бербей, экинчиден бирөө-жарымдын көзү түшүп калганча тезинен ишти жайгаруу керек болгондуктан ошол бойдон сөөктү маркум аялдын кийимдерине жана туш кийизге ороп, чоң сумкага салат да, кайра балконго чыгарышат. Ошентип эже-сиңди кеч киргенче ар кимиси өз үйлөрүн иреттешип, кандын тактарын жууп тазалап коюп, шек алдырбай өз тириликтери менен алек болуп калышат.

Качан гана каш карайганда Умсунай эжесинин үйүнө бет алып, кечки ондорго жакын чоң баштыкка салынган сөөктү көк түстөгү машина менен Оштун Курманжан датка районундагы Социалдык университеттин маңдайындагы таштанды челекке алып барат. Ал жерде көчөдөгү адамдарга кайрылып, алардын жардамы менен сөөктү таштандыга таштап, эч нерсе болбогондой үйүнө кайтат. Ага жардамдашкандар баштыктын ичинде аялдын сөөгү бар экенин албетте билишкен эмес.

Кесилген баш сөөктү эжеси Гүлнара шаардагы Карл Маркс атындагы мектептин жанындагы таштанды челекке таштайт. Бирок эртеси күнү таң атпай “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери таштандыларды жыйнап кеткендиктен баш сөөк азырга чейин табыла элек. Аны маркумдун жакындары милиция менен биргелешип бир канча күн издегенине карабай жыйынтык чыккан эмес.

Кайненесин мыкаачылык менен өлтүргөн Умсунайдын бир уул, бир кызы бар. Ага көмөктөшкөн эжеси Гүлнаранын да үй-бүлө, бала-бакырасы бар экен.

Эки эже-сиңди тең алгачкы суракта эле кылгылыктарын мойнуна алган:

- Кайненемдин сөөгүн төшөккө ороп, такси чакырдык да, эжемдин Анар кичи районундагы үйүнө алып барып, балконго коюп койдук. Кайра үйгө келип кандын тактарын тазаладым. Андан соң эжемдин үйүнө барып, эмне кылабыз деп ойлондук. Түн киргенде башты эжем ошол аймактагы мектептин жанындагы таштанды челекке салыптыр. А мен денесин бөлөк таштанды челекке салып, үйгө кеттим… Эмне кылганымды өзүм да билбей калдым,- деген келин алгачкы суракта эле.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги адам өлтүрүү (97) беренеси менен иш козголгон. Сот эми ошол иш боюнча өкүм чыгарды.

Facebook Пикир