Коом

Орусиянын алдыңкы окуу жайларынан окугуң келеби?

  • 11 Апрель 2018
  • 0
  • 825

“Газпром Кыргызстан” компаниясы “Академия Газпром Кыргызстан” стипендиялык программасын сунуштады.

11-апрелде “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунда Орусиянын алдыңкы окуу жайларынын бюджеттик билим берүү программасы сунушталды: бакалавриат – мектеп окуучулары, магистратура – жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн окууга өтүү экзамендери.

Өлкөнүн газ ишканасы сунуштаган “Академия Газпром Кыргызстан” стипендиялык программасынын алкагында кыргызстандыктар Орусиянын жогорку окуу жайларынын биринде билим алуу жана “Газпром Кыргызстан” компаниясына жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кыргыз Республикасында жогорку квалификациялуу техникалык кадрларды даярдоо боюнча муктаждык өтө жогору. Аталган программа мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Орусиянын алдыңкы университеттеринде мунайгаз комплекси багыты боюнча профилдик билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берет. Бул долбоордо бюджеттик, ошондой эле контракттык форма дагы каралган. Биз университетти эки формада тең ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөрдү жумушка алууга даярбыз, - деп билдирди “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун орун басары Сабырбек Акимбаев.
 
«Газпром», «РосАтом», «РосНефть», «Ростех», «Кумтөр», КУЭТ, «Дастан», «Электр станциялары», тоо кендерин казуу сыяктуу Орусиянын жана Кыргызстандын алдыңкы компанияларына жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо максатында “Газпром Кыргызстан” компаниясы “Единство” коомдук уюму жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен биргеликте билим берүү акциясын өткөрүүдө.

Аны менен кыргызстандыктарга Орусиянын алдыңкы окуу жайларында билим алууга мүмкүнчүлүк берилмекчи: Томск политехникалык мамлекеттик университети, Тюмень индустриалдык университети, Иркутск техникалык университети, Я.Мудрый атындагы Новгород мамлекеттик университети, Ыраакы Чыгыш мамлекеттик университети жана Кострома айыл чарба академиясы.

Билим берүү акциясынын программасы менен бул жактан тааныша аласыз.
 
Тапшыруу сынактарына катышуу үчүн Анкетаны толтуруу зарыл. Каттоо мөөнөтү 2018-жылдын 25-апрелинде аяктайт.
 
Катышууга шашылыңыздар, кошумча суроолор үчүн жоопту +996 (550) 76 04 09+996 (312) 88 39 66 номурлары аркылуу ала аласыздар.
 

Facebook Пикир