Коом

Токтогулдуктар кен казууга каршы чыкты

  • 07 Октябрь 2019
  • 0
  • 19

Токтогул районунун айрым аймактарында иштеп жаткан бир катар компаниялардын геологиялык чалгындоо жана казуу иштерин токтотууну жана кенге берилген лицензияны жокко чыгарууну талап кылган элдик жыйындар ишемби күнү Үч-Терек жана Кызыл-Өзгөрүш айылдарында өтүп, ага 500дөй тургун катышты.

Жергиликтүү бийлик чогулгандарга токтотулган жана көз салынып жаткан лицензиялар тууралуу кеңири маалымат берип, элди тынчтыкка чакырып, маалыматтарды туура кабыл алууну сунуштады.

Токтогул районунун аймагында жүрүп жаткан геологиялык чалгындоо иштерине нааразычылыктар социалдык тармактарда тараган билдирүүлөрдөн кийин чыккан. Анда райондун айрым тургундары аймактагы Такталык, Каргыш, Кара-Кыр жана Кокуй-Бел участкаларында жүргүзүлүп жаткан геологиялык чалгындоо иштери жаратылышка зыян алып келерин жана мал киндиктүү элдин турмушуна олуттуу зыян тийгизерин жазышкан.

6-октябрда Үч-Терек айылындагы мектептин залына чогулган 200 чамалуу киши ушул маселени көтөрдү. Жергиликтүү кеңештин депутаты Зыпарбек Кулманбетов буларды айтат:

- Үч-Терек айылдык кеңешинин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, 2017-2018-жылдары чалгындоого уруксат берген айылдык кеңештин мурунку токтомдорун чакыртып алдык. Ал учурда элге жана депутаттарга жакшы маалымат жетпей, айыл өкмөтүнүн өтүнүчү менен колдоп берип коюшкан. Маселе эми бышып жетип, эл арасында нааразычылыктар күчөгөн соң ушул кадамга бардык. Мал жандуу элге жайыт керек. Суунун булганышын, экологиянын бузулушун каалабайбыз деген талап болуп жатат.

Жыйындын катышуучулары “Үч-Теректен түбөлүк кен казылбасын”, “Кен казууга берилген лицензиялар жокко чыгарылсын”, “Жер чиновниктердики эмес, жер элдики” деген сыяктуу жазуусу бар плакаттарды кармап алышкан. Жергиликтүү активисттердин бири жана Ничке-Сай айылынын тургуну Азизбек Нурматов жыйын учурунда төмөнкүдөй талаптарын айтты:

- Бизге жеткен маалыматтар боюнча бир адам бир күндө эле 19 лицензия алып жатат. Бул жерде баарыбыз биригип бир лицензия ала албайбыз. Анткени биздин тааныш-билиштерибиз жок. Лицензиянын ээси Зилалиев менен бирге иштешкен Эрик Жумаев аттуу адам экен. Анткени лицензияны ал Зилалиевдин тушунда алган. Жумаевдин өзүндө эле 400 миң гектар жерге 41 лицензиясы бар экен. Бул маселе президенттин катышуусунда Коопсуздук кеңшинин жыйынында да көтөрүлгөн. Бирок анын жыйынтыгы эмне болгону бизге белгисиз. Туура, кен казууга биз каршылыгыбыз жок. Бирок бир ууч адамдар ээлеп алып, экологияны тепселеп жатканы баарыбызды тынчсыздандырып жатат. Биз өзүбүздүн конституциялык укугубузду пайдаланып, эч убакта ага жол бербейбиз.

Эл менен жолугушууга Токтогул районунун акими Таалайбек Жайылов баштаган жергиликтүү органдардын кызматкерлери да катышты. Район акими «Кирекс Оф Минералс» жоопкерчилиги чектелген коомуна Токтогул районунун аймагынан чалгындоо иштерине берилген лицензиялар токтотулганын билдирди.

- Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кайрылуусунан жана элдеги нааразычылыктардан улам лицензия алган компания 12-сентябрда Жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине лицензиядагы Токтогул районунун аймагындагы жерлерди кыскартып берүү боюнча кайрылыптыр. Комитеттин атайын лицензия берүү комиссиясы аны карап чыгып, 25-сентябрда биздин аймактагы жерлерди кыскартуу боюнча чечим чыгарыптыр. Ошондуктан район аймагында бир да жерде аталган компания чалгындоо иштерин жүргүзбөйт. Элге бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Дагы башка компаниялар лицензия алып иштеп жатат деген маалыматтарды айтышты, алар боюнча тактап көрөлү - деп белгилейт Таалайбек Жайылов.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет тарабынан «Кирекс Оф Минералс» компаниясына 2016-2020-жылдар аралыгында Токтогул, Тогуз-Торо, Жумгал райондорунун аймагынан алтын, күмүш, коргошун, жез, цинк, жана валинденге геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө 21 миң гектардан ашуун жер аянтына лицензия берилген.

Кызыл-Өзгөрүш жана Ничке-Сай айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде мамлекеттик комитет ушул жылдын 25-сентябрында Токтогул районундагы жер аянттарынын баарына берилген лицензияны жокко чыгарган. Бирок Жетиген айылынын тургуну Дамира Чокоева бул иштерди улантып, экологияга зыян келтирген башка кендерде көзөмөлдү күчөтүүнү сунуш кылды:

- 1970-жылдары СССР тушунда эле бул жерлерге чалгындоо иштери жүрүп, кандай кен бар экендиги такталган. Жер казынасын пайдалануу комитети кайрадан чалгындоого лицензия бергени бул казууга уруксат бергени деп түшүнөбүз. Ошол себептүү жергиликтүү бийлик да элдин талабын угуп, аны жогорку жакка жеткирүүдө биз тарапта болушуңар керек. Кезегинде электр энергия үчүн жерибизди берип, эми дагы кен иштетүүгө бербейбиз. Токтогул районунун аймагынан бир гектар да жер берилбесин. Бул компаниядан сырткары Токтогул районунун аймагында дагы 3 компания чалгындоо иштерин жүгүзүүгө лицензия алыптыр. Аларды да тактап, элге маалымат беришиңер керек. Болбосо нааразычылыктар дагы жарала берет – деди Дамира Чокоева.

Ушундай эле жыйын түштөн кийин 300дөй адамдын катышуусунда Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында да өттү. «Кирекс Оф Минералс» компаниясынын жетекчиси Эрик Жумаев жергиликтүү элдин каршылыгынан улам компания ал аймактарда иш алып баруудан баш тартканын айтты:

- Буга чейин жергиликтүү тургундар менен жакшы эле ымалада иштеп келе жатканбыз. Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургундарын жумушка тартып, алардан азык-түлүктөрдү сатып алып турчубуз. Районго тиешелүү алымдардын баарын алдын ала төлөп койгонбуз. Түшүнүксүз себептерден улам эл арасында нааразычылык болгон соң биз аймактагы изилдөө иштерибизди токтотууга туура келди. Ал эми лицензиялар боюнча менин дарегиме айтылып жаткан дооматтар боюнча алардын иши болбосун. Канча лицензиям бар, кантип иштетем ал өзүмдүн жумушум.

Токтогулдагы Узун-Акмат-1 алтын кениндеги 600 гектар жерге “Кассана Минералс" компаниясы 2006-жылы лицензия алып, жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам ишин баштай алган эмес. Ал компания 2017-жылы лицензиясын казакстандык "Талбек" фирмасына саткан. Учурда “Кассана Минералс" компаниясынын үстүнөн козголгон кылмыш иши тергелип жатканын район прокурору Алайбек Мамыров айтты.

- “Кассана Минералс" компаниясына карата берилген лицензия 2018-жылдын 4-сентябрында мамлекеттик комитет тарабынан токтотулган. Бирок компания ага карабай кен казуу иштерин жүргүзүп жаткандыгы былтыр ноябрь айында прокуратура тарабынан аныкталып, үстүнөн кылмыш иши ачылган. Азыр ал ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы тергеп жатат.

КРдин Энергетика, өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматында, 2018-жылга карата өлкө аймагында 46 ири алтын кени бар экени аныкталган. Алардагы жалпы алтындын өлчөмү 666 тоннага жакын деп эсептелген. Кыргызстанда баалуу металлдарды чалгындоого жана иштетүүгө 593 лицензия берилген. Анын ичинен кенди казып иштетүүгө 104 лицензия туура келет. Калгандары чалгындоо иштерин жүргүзүүгө берилген. Мунун ичинен 39 компания алтын өндүрөт.

Булак: Азаттык


Facebook Пикир