Коом

Жогорку Кеңештен эки миллион сом жоголду

  • 09 Февраль 2018
  • 0
  • 1502

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңеште жоголгон эки миллион сомдун изине түшүп, бул ишке шектелген парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысын кармап кетти.

Башкы прокуратура козгогон иштин негизинде парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү коротуу же өзүнө ыйгарып алуу") жана 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") боюнча козголгон иштин алкагында кармалганын бүгүн УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы парламент бюджетинен 2 миллион сомдон ашык акча жоголгонуна байланыштуу УКМКга кайрылган. Андан кийинки териштирүүлөрдөн соң кылмыш иши козголуп, бул ишке шектелген бөлүм башчы камакка алынды.
 
Айрым маалыматтарга таянсак, бөлүм башчыга КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы үчүн каралган 30 миң АКШ долларына байланыштуу иш козголгон.

Аталган сыйлык 2012-жылы кыргыз тараптын демилгеси менен негизделип, 2013-жылы «Литературная газетанын» башкы редактору Юрий Поляковго, 2014-жылы Азербайжан жазуучулар союзунун төрагасы Анарга, 2015-жылы армян котормочусу Грачье Тамразянга, 2016-жылы Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевге ыйгарылган. Бул төрт сыйлык ээсине тең Жогорку Кеңештин бюджетинен 30 миң доллардан акчалай сыйлык берилген.

Бирок өткөн 2017-жылы бул сыйлык кимге берилгени жарыяланган эмес. Анын себептери тууралуу Жогорку Кеңеш азырынча эч кандай жооп айта элек. Андыктан Арсен Закиров дал ушул акчаны жасалма документ жасоо менен кымырып алышы ыктымалдыгы боюнча күдүктөнүүлөр жок эмес.

Кантсе да эки миллион сомдон ашык акча кандай жол менен жоголгонуна, тийиштүү комитет башчылары бул кылмышты кантип билбей калганына суроо көп. Мунун баары эми тергөөдө аныкталууга тийиш.
 

Facebook Пикир