Коопсуздук

Кыргыз-тажик чегинде чыр чыкты (видео)

Кыргыз-тажик чек арасындагы дарбаза, Лейлек.
  • 08 Февраль 2018
  • 0
  • 2190

Баткендин Лейлек районундагы Тажикстан менен чек аралаш аймакта бүгүн түшкө жуук чыр чыкты. Ага тажик тарап Лейлектин чек арадагы Сада деп аталган конушуна көпүрө курулушуна каршылык билдирип, жолду бир тараптуу жаап алышы себеп болгон.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тараткан маалыматка караганда, 8-февралда Лейлектин Сай деген айылындагы көпүрөнү бир тараптуу жаап, чек арачыларын алып келип койгон жана ал жердеги аскерлердин санын көбөйткөн.
Мындан тышкары кошуналар мамлекетик чек арадагы “Кайрагач-автожол” жана эл аралык маанидеги “Кулунду-автожол” өткөрмө бекеттерин бир тараптуу жаап, адамдардын жана автоууналардын каттоосу убактылуу токтогон.

Жергиликтүү бийликтен “Кабар 24” агенттигине ырасташкандай, чек арадагы Лейлектин Сада конушунун тургундары балдары кошуна Раззаков айылындагы мектепке Тажикстандын аймагы аркылуу каттап окуп келген. Балдар жолдо кошуна өлкөнүн чек арачыларынын текшерүүлөрүнө тез-тез тушугуп, ар кандай кыйынчылыктарга кабылгандыктан жергиликтүү калк ортодогу каналга көпүрө салып берүүнү суранышкан. Элдин суроо-талабы кабыл алынып, Садага көпүрө курула баштаган. Жөө адамдар өтчү чакан көпүрө курулуп бүтүп, бүгүн ишке берилиши менен конуштун балдары мектепке мурдагыдай Тажикстандын аймагы аркылуу каттабай калган. Бул конушта болгону 30 чакты кожолук жашагандыктан мектеп жок. Балдар эки чакырымдай жол жүрүп, кошуна айылдагы мектепке барат.

Ушул көпүрө колдонууга берилген соң тажик тарап Кулунду-Максат жолундагы унаалар өтчү башка чоңураак көпүрөнү жана чек ара пункттарын бир тараптуу жаап, көзөмөлдү күчөткөн. Алардын эмне үчүн мындай кадамга барганы азырынча белгисиз.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, учурда чек арадагы кырдаал салыштырмалуу туркуктуу.  Эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү учурда абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Мунун алдында интернетке тараган видеодон көпүрөнү тосо коюлган машинаны бир канча адам ары түртүп салганын, арыда тажик чек арачылары жүргөнүн көрүүгө болот. Анда Кулунду – Максат жолундагы көпүрөгө тажик чек арачылары келип алганы айтылып, кыйкырган үндөр угулат. Видео ошол жердеги жергиликтүү тургундар тарабынан тартылгандай.
 

Facebook Пикир