Маданият

18 Апрель 2018

Улуу сөздүн урпагы...

18-апрель - залкар манасчы Жусуп Мамайдын туулган күнү. Улуу манасчы көзү тирүү болгондо дал ушул күнү жүз жашка чыкмак. Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Мамай 1918-жылдын ушул күнү Кытайдын азыркы Шинжаң-Уйгур автоном районундагы Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында жарык дүйнөгө келген. Залкардын жүз жылдыгынын урматына Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин жети жул мурда жазылган Жусуп Мамай атабыз тууралуу эстааным баянын сунуштайбыз.

06 Июль 2017

Бийчи Атай бийликтегилерге таарынды

Заманбап ыкмадагы бийлери менен Кыргызстанды дүйнөгө таанытып келаткан бийчи, эл аралык бир канча долбоор-сынактардын жеңүүчүсү Атай Өмүрзаков президент Алмазбек Атамбаевге бир жарым жылдан бери беш жолу кат жолдосо да эч кандай жооп болбогонуна нааразы. “Кабар 24” агенттигинин кабарчысы Орусиянын Казан шаарына сапар тартып жаткан бийчиге капыл-тапыл суроо салып, ал кайрылуунун чоо-жайын сурап калганга үлгүрдү.

10 Май 2017

«Карек» - өспүрүмдөрдүн өнөрүн өркүндөтөт

Кыргызстанга караганда кошуна Казакстанда көбүрөөк таанымал болуп калган кинорежиссер Айбек Дайырбеков кино дүйнөсүнө кызыккан балдар үчүн «Карек» аттуу фестиваль уюштуруп жүргөнү белгилүү. Эми ал келечекте киночу болгусу келген балдар үчүн ушундай эле аталышта жайкы кинолагерь өткөрүүгө киришти. Биз Айбек Дайырбековду ушинтип чуркап жүргөн жеринен сөзгө тарттык.

07 Май 2017

“Кош келиңиз” – өлкөнү даңазалачу экшн-комедия

Кыргыз киносун “Кош келиңиз” аттуу дагы бир жаңы тасма толуктады. Экшн-комедия жанрындагы бул фильм 4-майдан тарта өлкөбүздүн бардык кино театрларында коюла баштады. Жаңы форматтагы бул тасманын жаратуучулары “Кабар 24” агенттигинде конокто болушуп, фильмдин өзгөчөлүктөрү тууралуу ой бөлүштү.

30 Март 2017

Тынар Курбаналиев: Сатираны саясатчылар саясатташтырууда

Биздин суроолорго белгилүү куудул, соңку учурда саясий сатиранын катыгын берип келаткан Тынар Курбаналиев жооп берет.

26 Март 2017

«Кентавр» - жан дүйнө жазасы

26-мартта Бишкекте белгилүү кинорежиссер Актан Арым Кубаттын «Кентавр» тасмасынын бет ачары болду. Жаңы фильм 31-марттан тарта өлкөдөгү кино театрларда көрсөтүлө баштайт. Бирок бул тасма чыгып-чыга электе эле коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Жазуучу, кино сынчы Аким Кожоев да төмөндө ушул жаңы тасма тууралуу ой бөлүшөт.

25 Март 2017

Бакиевди токтотпой бийлеткен Токторов

Өткөн кылымдын 90-жылдарында кыргыз эстрадасына жаңылык алып келип, жылдызы жанган «Биз» тобун кимдер гана билбейт. Бул топ ошондон бери сахнадан түшпөй, улам бир ыры хит болуп келатат. Топтун уюштуруучусу Бактияр Токторовдун ырларын азыр жаш ырчылар биринен сала бири аткарып, экинчи-үчүнчү айлампага өттү. Сахнадагы өзгөчө стили, өзгөчө кыймыл-аракети менен таанылган ырчыны кепке тартып, жан дүйнөсүн ачууга аракеттендик.

08 Февраль 2017

Апасын издеген антистандарт Азамат

Кинорежиссер Руслан Акундун “В поисках мамы” деген жаңы тасмасын кыргызчага “Апамды издеп...” деп которсок туура болчудай.

18 Январь 2017

Казак сериалдарынын катыгын берген кыргыз режиссеру

Кыргыз кинорежиссеру Айбек Дайырбековду өз өлкөсүнө караганда Казакстанда жакшы тааныйт. Алматы менен Астанада тарткан телесериалдары ага жакшы атак алып келди.