Маданият

Кыргыз-түрк маданий алакасы күчөтүлөт

Кыргыз-түрк маданий алакасы күчөтүлөт
  • 25 Май 2018
  • Жийде Зоотбекова
  • 0
  • 788

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Түркия борбору Анкарада Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Түркия борбору Анкарада Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Анда эки тараптуу маданий карым-катнашты күчөтүү жана туризм жаатында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар боордош эки элдин бири-бирин терең таанытуу максатында маданий жумалыктарды өткөрүүга макулдашышты. Атап айтканда, маданий жана элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү менен концерттери эки өлкөдө кезмектешип өткөрүлмөк болду.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркияга расмий  сапарынын алкагында  Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушууда макулдашууга ылайык массалык маалымат жана пресса жаатында кызматташуунун жолдору аныкталды. Атап айтканда, эки өлкөнүн журналисттери бири-бирине каттап, тарыхый, маданий жана туристтик жайлар тууралуу материалдарды даярдап келип, өз өлкөлөрүндө кеңири чагылдырууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

Эки өлкө министрлери туризм жаатында кызматташуу боюнча токтоосуз ишке ашыра турган иш чаралар планын бекитишти. Мисалы, туризм жаңыдан өнүгүп жаткан Кыргызстандан бул чөйрөдө эмгектенген адамдарды жана студеттерди Түркияга алып келип  окуталы, ага жарыша туризм кеңири өнүккөн Түркиянын адистерин Кыргызстанга жөнөтүп, жеринен окутуп үйрөтөлү деген чечимге келишти.

Мындан тышкары Кыргызстандын Улуттук китепканасында Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк достук залын жогорку сапатта жасалгалап берүүгө Түркия тарап убада берди.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

Булак:


Facebook Пикир

Сурамжылоо

Жол кырсыгы көбөйүшүнө эмне себеп?

  • Айдоочулук сабатсыздык – 94 Добуш / 61%

  • Жолдордун начардыгы – 14 Добуш / 9.1%

  • Коррупциялашкан система – 46 Добуш / 29.9%

Жалпы добуш: 154
Жыйынтык

Көп окулган

Бул күн тарыхта