Өнөр

Бийчи Атай бийликтегилерге таарынды

  • 06 Июль 2017
  • Гулира Байзакова
  • 0
  • 4234

Заманбап ыкмадагы бийлери менен Кыргызстанды дүйнөгө таанытып келаткан бийчи, эл аралык бир канча долбоор-сынактардын жеңүүчүсү Атай Өмүрзаков президент Алмазбек Атамбаевге бир жарым жылдан бери беш жолу кат жолдосо да эч кандай жооп болбогонуна нааразы. “Кабар 24” агенттигинин кабарчысы Орусиянын Казан шаарына сапар тартып жаткан бийчиге капыл-тапыл суроо салып, ал кайрылуунун чоо-жайын сурап калганга үлгүрдү.

-  Президентке кандай сунуш менен кайрылдыңыз эле?
 
-  Кыргыз маданияты дүйнөлүк деңгээлге чыга электигин баарыбыз эле билбеиз. Биз ошол кенемтени аз да болсо толтуралы, маданиятыбызды көтөрүүгө салым кошолу деген максатта кыргыздын этно бийлерин жаңы технологиялар менен заманбап стилде алып чыгууну пландаганбыз. Бул долбоор менен өлкө атынан Англия, Кытай, АКШ, Германия сыяктуу мамлекеттерге чыгууну болжогонбуз. Ошол боюнча президентибиз Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдогон элек. Алгач бир жарым жыл мурда кайрылганбыз. Эч кандай жооп болбогонунан бул аралыкта беш жолудан ашуун кайра-кайра кайрылдык. Акыркы жолу өткөн апрелде кайрылганбыз. Бирок ал кайрылууларыбыз өлкө башчысына жеткен эмес окшойт. Аны тапшыргандардан сурасак: “Ана-мына, бүгүн-эртең, эмки жумада» деп атып, бир жарым жыл өтсө да эч майнап чыкпай койду. Башында эле “жооп жок, болбой калды” дешсе өз ишибизди кыла берет элек. Жөнөкөй бир жумалык ишти бир жарым жылга созуп, анда да эч кандай жыйынтык болбоду.

- Президенттен ал долбоорго кандай колдоо керек эле, каржылык жактан жардам суралды беле?

- Жок, каражат сураган эмеспиз. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 350 миң доллар керектелмек, аны өзүбүз эле тапмакпыз. Мен буга чейин уюштурган иш-чараларыма, же чет өлкөгө чыгып атканда бир да жолу мамлекеттен акча сурап кайрылган эмесмин. Президенттен тек гана чет өлкөгө чыгуубузга колдоо керек болгон. Анын жардамы менен уюштуруу иштери жана уруксат алуу маселелери бир аз жеңилдемек. Ошол жагынан колдоо керек болгон үчүн мамлекет башчыга кайрылганбыз. Тилекке каршы, президенттин аппаратындагылар бир жумалык ишти көпкө созуп, өтүнүчүбүздү өлкө башчыга жеткирген жок окшойт деп калдык. Балким ал жерде иштегендердин кызыкчылыгы барбы, же жөн гана шалаакылык, жалкоолук болдубу түшүнгөн жокмун.

Бирок президентке эч кандай таарынычым жок. Ал буга чейин деле бизди колдоп келген. Болгону мен жөнөткөн каттар ага жетпей калды деген ойдомун.

Ушундай мамиледен соң бийлик, өкмөт менен эч кандай чогуу иш жасагыбыз келбей калды. Болбосо бийлик тараптан чоң иш-чараларга катышып бер, бийлеп Кыргызстандын атын чыгарып бер деген суранычтар көп эле болгон. Эч качан жок дебей, ар дайым колдоп чыгып жүргөм. А мен кичинекей нерсени сурап кайрылсам ушинтип жаман мамиле кылып коюшту. Ошого таарынычыбыз бар. Эми буйруса мындан ары өзүбүздүн иш менен эле алек боло беребиз.

- 2010-жылы Орусиянын “Минута славы” долбоорунун финалына чыккан соң ошол кездеги президент Курманбек Бакиев эки бөлмө батир убада кылган эле, ошол үйдүн тагдыры эмне болду?

-  Туура, ошол учурда Москвадан келген соң андагы президент Курманбек Бакиев кабыл алып, эки бөлмөлүү батир берүүнү убада кылган. Бирок көп өтпөй өлкөдө бийлик алмашып кетип, ал убада ишке ашпай калган. Ошол жылдагы апрель окуясынан кийин өлкө кандай абалда калганын түшүнүп, бул боюнча эч жакка кайрылган жокмун. Ошентип ал үйдү албай калгам.

-  Казан шаарына чыгармачылык сапар менен баратасызбы?

-  Жок, жеке өзүмдүн иштерим менен эле жол тартып жатам.

-  Чыгармачылыкта кандай жаңылыктарыңыз бар?

- “Тумар”, “Адем” топторундагы балдарым менен азыр чоң бир долбоорго даярданып жатабыз. Кыскасы баарыбыз изденүү жолундабыз.

- Буга чейин бийди таштайм дегендей айттыңыз эле?

- Акырындан таштап атам. Көбүнчө балдар бийлеп жатышат, аларга жардам берип, таптап, чоң сахнага чыгарганга аракет кылып жатам. Жакында Малайзияда “Азиянын эң мыкты таланты” деген сынак өтөт, ошого даярданып жатабыз.
 

P.S. Бул маек даяр болуп калганда президенттин маалымат кызматы айрым агенттиктерге бийчи Атай Өмүрзаков жазган кайрылуулар дарегине эмне үчүн жетпей калганы такталып жатканын билдиргени белгилүү болду.


Facebook Пикир