Саясат

11 Апрель 2018

Улукбек Кочкоров УКМК башчылыгына барабы?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылыгына келиши мүмкүндүгү айтылган ыктымал талапкерлердин арасында өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан жаш саясатчы Улукбек Кочкоровдун да аты аталууда. Улукбек Кочкоров өзү эмне дейт, ага президент тараптан сунуш түштүбү?

20 Март 2018

Асылбек-Мээрбек “айгайы”

Президенттин бир тууган иниси, парламент депутаты Асылбек Жээнбеков мурдагы депутат, партиялашы Мээрбек Мискенбаевди чагымчы – провокатор деп атады. Үч күн мурда Мээрбек Мискенбаев Асылбек Жээнбековду депутаттыктан кетүүгө чакырган.

06 Март 2018

Жээнбеков Акаев менен Бакиевдей бозгун болгусу келбейт

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуп, түрдүү суроолорго жооп берди.

27 Февраль 2018

Президент Фарид Ниязовду кетиргиси келбейби?

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн аппарат башчысы Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү боюнча арызын кабыл албай, мындан ары да иштеше берүүнү сунушташы ар кыл пикирлерди пайда кылды.

21 Февраль 2018

«Жоош-момун» Жогорку Кеңеш…

Мурдагы президенттин тушунда “тил-ооздон калып”, кандай гана курч маселе болбосун ооз ача албай калган Жогорку Кеңеш депутаттарына эми “тил бүтө” баштагандай...

16 Январь 2018

Бабановдун баш катырган мандаты

Президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жаңы жыл алдында саясаттан кеткенин жарыялагандан бери анын парламенттеги депутаттык мандатына байланышкан маселе чечилбей турат.

25 Декабрь 2017

Назарбаев: Кыргызстанга карата бир да жаман сөз айткан эмесмин

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 25-декабрда Казакстанга расмий сапар менен барды. Астанада ал казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки тараптуу маселелер талкууланды.

19 Декабрь 2017

Сот Шыкмаматовду камакка эмес, 5 миллионго жыкты

Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовду сот мамлекет пайдасына беш миллион сом төлөөгө милдеттендирди. Мамлекеттик айыптоочу соттон саясатчыны сегиз жылга эркинен ажыратууну суранган эле.

13 Декабрь 2017

Мирзиёев: Ортобузда эч кандай чек ара болбошу керек

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Өзбекстанга барды. Ал сапардын алгачкы күнүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуп, эки тараптуу маселелер талкууланды.