Саясат

Бабановдун баш катырган мандаты

  • 16 Январь 2018
  • 0
  • 1679

Президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жаңы жыл алдында саясаттан кеткенин жарыялагандан бери анын парламенттеги депутаттык мандатына байланышкан маселе чечилбей турат.

БШК мүчөлөрү андан бери мыйзам боюнча Бабановдон мандаттан баш тарткан арыз түшмөйүн эч нерсе кыла албайбыз таризинде алакан жайып келди. 16-январда көптөн күткөн арыз Боршайлоокомго түшкөнү кабарланып, бирок көп өтпөй ал маалымат четке кагылды. Көрсө ал арыз Бабановдун өз колу менен жазылбаптыр. Жада калса нотариалдык жактан да ырасталган эмес. Ушундан улам БШК мыйзам жоболоруна жооп бербеген арызды кабыл алуудан баш тарткан.

Ушундан соң парламенттеги “Республика - Ата-Журт” фракциясынын жаңы лидери Руслан Казакбаев Өмүрбек Бабанов депутаттыктан баш тарткан арызга кол койгонун, ал эки-үч күн аралыгында Боршайкомго жеткирилерин айтып чыкты.
15-октябрдагы президенттик шайлоодо экинчи орунду алган Өмүрбек Бабановго шайлоодон соң конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга үндөө жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондон кийин ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бирок азыр кайсы өлкөдө жүргөнү белгисиз.

Шайлоо алдындагы үгүт маалында Бабановдун казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу Атамбаевдин ачуусун келтирип, ал “кызытылган темир басам” деп ызырынганы бар. А түгүл бул жолугушуудан чыккан чуу кыргыз-казак алакасына да доо кетирип, Казакстан чек ара көзөмөлүн катуулатканга чейин барды.

Анын алдында Бабанов Ошто өзбек тектүүлөр алдында “чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы. Чогулуп каршылык көрсөткүлө” деп сүйлөгөн. Бабановго кылмыш иши козголушуна дал ушул жагдай түрткү берген.

Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков түз эфирдеги дебаттагы кайым айтышта Бабановго жооп берип жатып “шайлоодон кийин коррупцияга каршы күрөштү дал сенден баштаймын” деп омуроологон.

Ошентип шайлоодо жеңилип, шаабайы сууп калган Бабанов өлкөдөн чыга качкан.

Эми анын парламенттеги бошогон ордуна "Республика-Ата Журт" партиясынын 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында бекитилген тизмеси боюнча кезеги келген Абдыбек Дүйшалиев келиши керек. Дүйшалиев 2014-жылы Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору болуп иштеген, 56 жашта.

Facebook Пикир