Саясат

Улукбек Кочкоров УКМК башчылыгына барабы?

  • 11 Апрель 2018
  • 0
  • 13362

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылыгына келиши мүмкүндүгү айтылган ыктымал талапкерлердин арасында өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан жаш саясатчы Улукбек Кочкоровдун да аты аталууда. Улукбек Кочкоров өзү эмне дейт, ага президент тараптан сунуш түштүбү?

Жаш саясатчы, “Жаңы доор” партиясынын төрагасы Улукбек Кочкоров өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетпесе да таасын программасы, курч пикири жана омоктуу ойлору менен башка талапкерлерден айырмаланып, элге кеңири таанылып калды.

Көп жыл Улуттук коопсуздук комитетинде иштеп, Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышында депутат болуу менен саясаттагы жылдызы жанган Улукбек Кочкоров акыркы убакта кайрадан эл оозуна алына баштады. Социалдык тармактарда УКМК башчылыгына дал ушул киши келсе туура болмоктугун, Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоодо өзүн көрсөткөн атаандаштарын командасына тартуу керектигин айткандар арбын болуп жатат.

Улукбек Кочкоров өзү буга эмне дейт, президент Жээнбеков менен кызматташууга даярбы, дегеле анын азыркы иш-аракеттерин кандай баалайт?

“Кабар 24” агенттиги ушул жана башка суроолор менен Улукбек Кочкоровду сөзгө тартты. Толугу менен төмөнкү видеодон көрүңүз.


 

Facebook Пикир