Спорт

Эрендердин башын кошкон эр уруш

Кыргыз мушкери Канат Келдибеков
  • 21 Август 2017
  • Нургазы Мусаев
  • 0
  • 3554

Жума соңу - 19-августта Чолпон-Ата шаарында "Көчмөндөр мелдеши" деп аталган эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык мелдеш өттү. Кыргызстан ММА академиясы жана NOMAD FIGHTS компаниясы тарабынан уюштурулган турнир жогорку деңгээли менен айырмаланды.

Ага Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Иран, Тажикстан жана Өзбекстандан келген кыркка жакын мушкер катышты. Бүйүр кызытып, дээрлик 6 саатка созулган таймашта кыргызстандыктар: Али Беляев, Кубат Айтбек уулу, Самарбек Сабыржан уулу, Акыл Сүйүнбек уулу, Орозбек Алимжан уулу, Артур Мамыров, Мелис Тойчубеков, Бахтияр Уметалиев, Махмуд Абдрахманов, Улукбек Мамытов, Арген Кайдыбаев, Канат Келдибеков, Рыспай уулу, Айбек Шакир уулу жеңишке жетишти.

Келген коноктордон орусиялык Никита Лежанин, өзбекстандык Юлдашбек Матякубов, казахстандык Абдумалик, тажикстандык Бахтияр Турсунов жеңиштин желегин желбиретишти.

Мелдеш техникалык жактан аябай мыкты уюштурулуп, ар бир көрүүчү беттешти чоңойтулган планда көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Иш-чара кыргызча, орусча, керек учурда англисче алып барылды.

Мелдеш баштан-аяк курч, кызыктуу мүнөздө өтүп, мушкерлерди трибуна толгон көрүүчүлөр сүрөөнгө алып турушту. Айрыкча мелдештин эң акырында, саат түнкү 12ден өткөндө рингге кыргыз мушкери Канат Келдибеков менен Орусиянын Дагестан Республикасынан келген таанымал спортчу, дүйнөнүн чемпиону Ахмед Мустафаев чыкты. Бул эки эрендин беттешин мелдешти тегерегектеген эл чыдамсыздык менен күтүп жатышкан эле.

Акыры кыргыз мушкери 6 сааттай күткөн өз күйөрмандарынын үмүтүн актап, беттештин алгачкы минуталарында эле дагестандык атаандашын нокаутка түшүрүп таштады.

Жеңишке жеткен кыргыз азаматы өзүнүн дайыма жасап келген салтын бузбай, кыргыз желегин көтөрүп, “Кара жорго” бийин бийлип, кубанычтан гүүлдөп турган күйөрмандарынын ого бетер көңүлүн көтөрүп, иш-чаранын көркүнө көрк кошту.
Мушкердин дос, санаалаштары ага кымбат баалуу белек – автомашина тартуулашы иш-чаранын зоболосун ого бетер көтөрүп койду.

Мелдешти уюштуруучулардын бири NOMAD FIGHTS компаниясынын өкүлү Гүлзара Кокенованын айтымында, мелдеш жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, чоң рингдерге чыга албай жаткан айылдык спортчуларга шарт түзүү, аларга стимул берүү максатын көздөгөн.

Эми мындай кызыктуу мелдештерди дамамат өткөрүп туруу салтка айланмакчы. Катышуучулардын бардыгы 18-22 жаштардын тегерегинде экендигин жана спорттун бул түрүнүн Кыргызстанда болуп көрбөгөндөй жайылып бара жатканын эске алганда, бул иш аябай келечектүү жана кызыктуу болмокчу.
 

Мелдештен ирмемдер

Булак:


Facebook Пикир

Сурамжылоо

Жол кырсыгы көбөйүшүнө эмне себеп?

  • Айдоочулук сабатсыздык – 94 Добуш / 61%

  • Жолдордун начардыгы – 14 Добуш / 9.1%

  • Коррупциялашкан система – 46 Добуш / 29.9%

Жалпы добуш: 154
Жыйынтык

Көп окулган

Бул күн тарыхта