Кабарлар

Түркмөнстанда окуучу кыздардын аруулугу текшерилүүдө

Телефон кармаган түркмөн кызы. (Көрнөкү сүрөт, фото Аzathabar.com).
  • 07 Февраль 2018
  • 2821
Өлкө түндүгүндөгү Дашогыз облусундагы мектептерде окуучулардын кол телефондору текшерилип, порнографиялык файлдар изделүүдө. Аzathabar.com жазышынча, өткөн жумада аталган облустагы мектептерге эскертүүсүз кирип келген жергиликтүү билим берүү мекемелеринин, улуттук коопсуздук кызматынын жана полиция өкүлдөрүнөн турган топ жогорку класстагы окуучулардын телефондорун жыйнап алган.
 
- Алгач алар текшерүү себебин түшүндүрбөгөнү менен кийинчерээк порнографиялык файлдар изделгенин айтты. Жыйналган смартфондордун көпчүлүгүнөн андай файлдар табылган, - дейт Гурбансолтан районундагы бир мектептин окуучусу.
 
Ал андан ары мектепке ата-энелер чакыртылып, сүйлөшүүлөр жүргөнүн да кошумчалады:
 
Жогорку класстагы кыздарды бир сызыкка тургузуп коюп, мектеп медпунктунда текшерди. Кыздыгы табылбаган кыздардын апаларын чакырып, бүткүл мектепке маскаралады. Ушу текшерүүдөн соң мектеп директорун жумуштан алышты, - дейт атын айтпаган окуучу.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Аzathabar.com сайтына текшерүү себептерин түшүндүрүүдөн баш тарткан. Бирок аймактагы полиция кызматкери текшерүү мектеп жашындагы кыздардын сойкулукка аралашуусу күчөп кеткенине байланыштуу жүргөнүн, ал ушундай жагдайга каршы күрөшүү үчүн жасалганын айткан.
 

Facebook Пикир