Кабарлар

Арзан сарпайга арданган жигит арзыган кызынан той алдында баш тартты

  • 08 Февраль 2018
  • 7280
Өзбекстанда бир жигит той алдында үйлөнүүдөн баш тартып, колуктусун ыңгайсыз абалга калтырганын “Ёшлар” (Жаштар) телеканалы көрсөттү.  Анда өлкө батышындагы Навои шаарында жаш жигит той алдындагы сарпай кийгизүү салтында кыз тарап арзан кийимдерди алып келгени үчүн ыркы кайтып кеткенин айтат:

- Буга чейин досторум үйлөнгөндө аларга Түркиядан чыккан кымбат, жакшы кийимдерди кийгизгенин көрчүмүн. Мага да ушундай кылышат деп ойлоп жүргөм. Бирок алар Гиждувандагы (жергиликтүү базар) эле арзан нерселерди алып келишти. Кыздын үй-бүлөсү жакшы эле турушат, ата-энеси, агалары чоң кызматтарда иштейт. Ошого карабай мага арзан сарпай алып келип, пастык кылганына ардандым, - дейт күйөө бала болбой калган жигит.

Мындан соң Ташкенттин баш имам-хатиби Анвар кары Турсунов шарият боюнча эркек кыз тараптан сеп, сарпай талап кылуусу туура эместигин айтып чыкты:

-Кыз чыгарып жаткан үйдөн эмерек, алтын жана башка буюм-тайымдарды алып берүүгө эч ким мажбурлай албайт. Бул келин алып жаткан тараптын милдети. Эркек алган аялынын бардык муктаждыгы үчүн жоопкер болот, аны жасабаса мусулман эмес, - деген имам-хатиб.

Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда деле кызга калың берүү, кыз тарап ага жараша сеп жасап, күйөө балага бир сыйра үстү-баш -  сарпай кийгизүү салты эзелтен калыптанып калган.
'
';

Facebook Пикир