Кабарлар

АКШда туман менен тайгакта 70 машина кагылышты (видео)

  • 08 Февраль 2018
  • 2728
АКШнын Айова штатында коюу туман каптаган тайгак жолдо бир эле учурда 70 автомашина кагылышканы тартылган видеотасманы Fox News  жарыялады.

Жол боюндагы көзөмөл камераларына башкарууну жоготкон машиналар бири-бири менен кантип сүзүшкөнү жана оор жүк ташыган унаалар жол четине чыгып кеткени түшүп калган.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, бул ири жол кырсыгынан 53 жаштагы аял каза таап, кеминде он киши оор жаракат менен ооруканага түшкөн. '
';

Facebook Пикир