Кабарлар

Астанада катнаш сырларын үйрөтчү борборго жашамал аялдар да каттоодо

  • 09 Февраль 2018
  • 2797
Кошуна Казакстандын ордо калаасында кыз-келиндерге “төшөк маданиятын” – аял-эркек катнашынын кыр-сырларын үйрөтчү борборго каттагандардын көбү отуздан ашкан аялдар. Жада калса алтымышты алкымдаган ак жоолук энелер да баш багып, ышкы мамилесиндеги түрдүү айла-амалдарды үйрөнгүсү келери тууралуу Казакстандын “Евразия” телеканалындагы берүүдө кеп болгонун казак сайттары жазып чыкты.

Андагы малыматтарга караганда, эр-азаматтардын “көңүлүн табуу өнөрүн” өздөштүрүүгө үйүндө небере карап отурган апалар да куштар сыяктанат.

- Негизинен бизге 30 жаштан ашкан кыз-келиндер келет, арасында 55-57 жаштагылары да бар. Маселен, жакында эле 62 жаштагы апа баш багып, жашоосун өзгөрткүсү келерин айтты. Биз буга албетте сыймыктанабыз. Турмуш кура элек жаш кыздардын арасында да биздин мектепке кызыккандар көп. Алар бүлө күтөрдөн мурда болочок күйөөсүнө мамиле кылуунун бардык ыкмаларын үйрөнөт. Демек ал кыздар кийин бул жаатта кандайдыр бир каталыктарга жол бербейт десек болот, - дейт Астанадагы “Гейша” мектебинин жетекчиси Айжан Аликулова.

Бул кошуна өлкөдөн айырмаланып Кыргызстанда азырынча мындай борборлор жок. А түгүл бул багытта кеп-кеңеш берчү адистер да аз. Ушундан улам бул милдетти кээде белгилүү дин аалымдары аткарып, ар кайсы маалымат каражаттарындагы түз эфирлерде ушул багытта түшкөн суроолорго жооп берүүгө аргасыз болгонун байкап жүрөбүз. Бул үчүн алар коомчулуктун “башкы сексопатолог болуп алды” деген сын пикирлерине да кабылып жүрөт.

Facebook Пикир

Сурамжылоо

Жол кырсыгы көбөйүшүнө эмне себеп?

  • Айдоочулук сабатсыздык – 94 Добуш / 61%

  • Жолдордун начардыгы – 14 Добуш / 9.1%

  • Коррупциялашкан система – 46 Добуш / 29.9%

Жалпы добуш: 154
Жыйынтык

Көп окулган

Бул күн тарыхта