Кабарлар

Москвада Кыргызстандын 25 жараны кармалды

  • 12 Февраль 2018
  • 1742
Орусиядагы кыргыз элчилиги бүгүн, 12-февралда 25 жаран кармалганы тууралуу кабар түшөр замат элчилик кызматкерлери Москванын Новогиреев райондук ички иштер бөлүмүнө жетип барганын билдирди. Натыйжада алар чет элдиктердин каттоо документтери боюнча пландуу текшерүүнүн алкагында кармалганы белгилүү болду.

Орусияда жүрүүгө укук берген документтери текшерилген соң 23 жаран бошотулуп, 2 жаран миграциялык мыйзамдарды бузганы аныкталганы үчүн кармалууда. Мыйзам боюнча бул эки жаранга беш миң рубль өлчөмүндө айып салынышы мүмкүн, бирок “кара тизмеге” кирбейт.

Москвадагы кыргыз элчилиги ушундай окуялардан улам жарандарга каттоо документтерин алууда ортомчулук кызматтарды колдонбоону дагы бир жолу эскертет.

Facebook Пикир