Кабарлар

Жол кырсыгында апасынан айрылган ымыркай бутунан да ажырады (видео)

  • 13 Февраль 2018
  • 5810
Бишкектеги Элебесов көчөсүндө кичи автобус бир келинди колундагы ымыркайы менен ыргыта сүзгөнү тууралуу маалымат 12-февралда тараган. Бүгүн ошол кырсыктын көзөмөл камерасына түшүп калган видеосу чыкты. Анда баласын көтөргөн келин эч нерседен бейкапар жөө адамдар өтчү сары сызыктын четине келип туруп калганын, аны өткөрүп жиберүү үчүн Тойота унаасы токтогонун көрүүгө болот. Ошол учурда катуу келаткан Мерседес кичи автобусунун айдоочусу алдында токтоп калган машинадан буйтамакчы болгону менен аны коюп, четте турган келинди да баласы менен жол четиндеги даракка жабыштыра сүзгөн.

Кырсыктан оор жаракат алган 34 жаштагы келин ооруканага жетпей каза тапкан. Анын бир жаш сегиз айлык кызынын оң буту катуу жабыркап, сөөгү сынып кеткендиктен дарыгерлер кесип салууга аргасыз болушту. Ымыркай мындан сырткары башынан да жаракат алган, азыр ооруканада чоң энеси карап жатат.

Кырсык 9-февраль күнү чак түштө, саат 12лерде Бишкектеги Элебесов менен Витебский көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Медициналык текшерүүлөр айдоочу соо экенин көрсөттү, тергөө жүрүп жатат.

 

Үрөй учураган кырсыктын видеосу: Бишкек, 9-февраль, 2018.


'
';

Facebook Пикир

Сурамжылоо

Жол кырсыгы көбөйүшүнө эмне себеп?

  • Айдоочулук сабатсыздык – 94 Добуш / 61%

  • Жолдордун начардыгы – 14 Добуш / 9.1%

  • Коррупциялашкан система – 46 Добуш / 29.9%

Жалпы добуш: 154
Жыйынтык

Көп окулган

Бул күн тарыхта