Кабарлар

Менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк мелдеште кыргызстандык кыз жеңишке жетти

  • 13 Февраль 2018
  • 2872
Интеллекти өнүктүрүү боюнча “Смартум Кыргызстан” академиясынан бүгүн кабарлашканга караганда, 10-февралда Москвада өткөн менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык алты жаштагы Акак Кемелова байгелүү үчүнчү орунду багынтты. АМАKidsWorldCup 2018 мелдешине 11 өлкөдөн бардыгы болуп миң окуучу катышты. Мелдеш катышуучулардын көптүгү менен айырмаланып, Орусиянын рекорддор китебине кирди.

Миң катышуучудан иргелип отуруп, финалга чыккан 120 окуучу баш байге - Париждеги DisneyLand комплексине жолдомо үчүн ат салышты.

Кыргызстандан мелдешке жалпысынан 9 окуучу барган. Алардын эң кичүүсү – алты жаштагы Акак Кемелова мелдештин кенже курактагы категориясында үчүнчү орунду ээлеп, жеңиш менен кайтты.

Facebook Пикир