Кабарлар

Президент УКМК башчысынан жыйынтык талап кылды

  • 13 Февраль 2018
  • 1274
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев менен Коопсуздук кеңешинин соңку жыйынындагы чечимдерин тез арада ишке ашыруу милдеттерин талкуулаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. УКМК башчысы президентке коррупция менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Антикоррупциялык кызматтын ишмердигин жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыска мөөнөттө бул кызмат жүктөлгөн милдеттерди канчалык аткарып жатат, анда иштегендер кызматына ылайык келеби деген маселелерди кайра карап чыгуу милдетин койду:

-Бардык кызматкерлер коррупция менен күрөшүүдө кызматтык милдетин жана ролун так түшүнүшү керек. Жөн гана жооп жазуу менен алпурушуп, көнүмүш адатка салганга болбойт.

Президент андан ары коррупцияга каршы күрөштө атайын кызматтан жыйынтык талап кылды:

-УКМКнын алдында олуттуу маселе турат – укук коргоо, сот органдарындагы жана башка мамлекеттик структуралардагы коррупция менен күрөш жүргүзүү. Жыйынтык керек!

Сооронбай Жээнбеков президенттикке киришкенден бери 8-февралда алгач ирет өткөргөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында күч органдарынын коррупцияга байланышкан ишмердигин катуу сындап, УКМКга караган Антикоррупциялык кызматтын иш форматын өзгөртүү зарылдыгын айткан.

Facebook Пикир

Сурамжылоо

Жол кырсыгы көбөйүшүнө эмне себеп?

  • Айдоочулук сабатсыздык – 94 Добуш / 61%

  • Жолдордун начардыгы – 14 Добуш / 9.1%

  • Коррупциялашкан система – 46 Добуш / 29.9%

Жалпы добуш: 154
Жыйынтык

Көп окулган

Бул күн тарыхта