Кабарлар

Жайылдагы жол талаштан ок атылып, бир адам жабыркады

  • 13 Февраль 2018
  • 969
ИИМдин маалымат кызматынын бүгүнкү кабарына караганда, ок атууга шектүү адам кармалып, убактылуу абакка киргизилди. Ал Панфилов районунун 25 жаштагы мурда соттолгон Т.Т. аттуу жашоочусу болуп чыкты. Текшерүү учурунда анын жанынан мыйзамсыз сакталаган травматикалык тапанча алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды.
 
Ок атууга алып келген окуя 9-февралда, түшкү экиден өткөндө болгон. Тергөө учурунда ошол күнү Кара-Балта шаарында эки айдоочу жол талашып, уруша кеткени белгилүү болду. Натыйжада айдоочунун бири, азият улутундагы жаран травматикалык тапанча менен экинчи айдоочуну баш жагына атып, ак түстөгү BMW унаасы менен качып кеткен.
 
Жаракат алган жаран ооруканага түшкөн соң Жайыл райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу ал Кара-Балта шаарынын 30 жаштагы Н.Т. аттуу жашоочусу экенин тактап, ок атып качкан кишини издөөгө киришкен.
 
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Кармалган жаран Жайыл райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында отурат.

Facebook Пикир