Кабарлар

Коомдук жайларга таштанды таштагандар эми айыпка жыгылышы мүмкүн

  • 13 Февраль 2018
  • 708
Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор 13-февралдан тарта коомчулук талкуусуна коюлганын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Анда коомдук жайларга тамеки калдыгы, чемичке чагындысы сыяктуу майда-чүйдө таштанды таштагандарга 20 эсептик көрсөткүчтө (эки миң сом) айып пул салуу сунушталган. Ушундай эле жаза машинеде баратып жолго таштанды ыргыткандарга да колдонулат.
     
Долбоор өлкөдөгү шаарлардын жана башка калктуу конуштардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу, адамдардын жашоосу жана саламаттыгы үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.
 
Долбоордун негиздемесинде буга чейин ушул багытта кабыл алынган өзгөртүүлөр таасирдүү натыйжа бербегени, жалпы пайдалануудагы жерлер, парктар, гүлбактар, көчөлөр чемичкенин чагындысы, тамекинин калдыктары, фантиктер, пакеттер жана башка майда таштандылар менен булганып, көптөгөн көп кабаттуу үйлөрдүн короолору турмуш-тиричилик таштандыларына толуп кеткени айтылат. Ошондой эле ага коомчулук тарабынан адекваттуу реакция жоктугу, муну менен коомдун жалпы маданияты төмөндөп, көпчүлүк жарандар үчүн таштандыларды көрүнгөн жерлерге таштоо нормалдуу көрүнүш болуп калганы белгиленген.
 
“Европа жана Чыгыш Азия өлкөлөрү уруксат берилбеген жерлерге таштанды ыргыткандарга чоң өлчөмдө айып салуу менен ушундай көрүнүштөрдөн арылганын билебиз. Мисалы Сингапурда тыюу салынган жерге кадимки эле кагаз таштаган адам 300дөн 1000 долларга чейин айып төлөөгө туура келет”, - деп айтылат негиздемеде.
 
Элди маданияттуулукка чакырган бул мыйзам долбоорун “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова демилгелеген.

Facebook Пикир

Сурамжылоо

Жол кырсыгы көбөйүшүнө эмне себеп?

  • Айдоочулук сабатсыздык – 94 Добуш / 61%

  • Жолдордун начардыгы – 14 Добуш / 9.1%

  • Коррупциялашкан система – 46 Добуш / 29.9%

Жалпы добуш: 154
Жыйынтык

Көп окулган

Бул күн тарыхта