Кабарлар

Экс-президенттин төлгөчү курбусу 20 жылга кесилди

  • 13 Февраль 2018
  • 1547
Түштүк Кореяда сот былтыр президенттик кызматтан кеткен Пак Кын Хенин жакын курбусу Чхве Сун Силди "паракорлук кылган жана өлкөнүн саясий иштерине кийлигишкен" деген айып менен 20 жылга кескенин Reuters кабарлады. 13-февралда чыккан сот өкүмүнө жараша ал 16,5 миллион доллар өлчөмүндө айыппул төлөөгө да милдеттендирилди.

Чхве Сун Силь бир канча жыл Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хенин кеңешчиси болгон. 2016-жылдын күзүндө бул өлкөдө ири коррупциялык чуу чыгып, Чхве Сун Силь анын чордонуна айланган. Укук коргоо органдары ал эч кандай мамлекеттик кызматты ээлебей туруп, президенттин саясий чечимдерди кабыл алуусуна таасир эткенине, өлкө башчысы менен жакшы мамиледе болгонун пайдалануу менен ири корпорациялардан акча талап кылганына шек санаган.

Бул чуунун арты президент Пак Кын Хе кызматтан кетишине алып келип, 2017-жылдын мартында ал импичмент аркылуу бийликтен четтетилген. Көп өтпөй экс-президент коррупцияга аралашкан, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган жана мамлекеттик сырды ачкан деген айыптар менен камакка алынган.

Facebook Пикир