Кабарлар

Индира Жолдубаева Кыргызстандан чыккан жок

  • 11 Апрель 2018
  • 555
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Индира Жолдубаева Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу маалыматтарды төгүндөдү. Мунун алдында айрым интернет булактарында Жолдубаева өлкөдөн чыгып кеткени боюнча маалымат тараган эле. Башкы көзөмөл орган тараткан маалыматта Индира Жолдубаева Кыргызстандын эле аймагында экени жана жыл башынан бери өлкөдөн чыкпаганы айтылат.

Жогорку Кеңеш бүгүн Индира Жолдубаеваны башкы прокурорлуктан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча президенттин сунушун көпчүлүк добуш менен колдоп берди. «Башкы прокурорго өлкөдөгү антикоррупциялык чараларды координациялоо милдети жүктөлгөн. Мына ушул мезгил аралыгында координациялык кеӊештин бир дагы жыйыны өткөрүлгөн жок. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралар жетишсиз болду. Алар коррупцияга каршы чараларды координациялоонун ордуна жалаӊ статистика менен алектенип калган», - деп айтты өлкө башчынын сунушу боюнча парламентте баяндама жасаган Президенттик аппараттын башчысы Мухамедкалый Абылгазиев.

Жогорку Кеңештеги жыйынга Жолдубаева өзү келген жок. Ал маселени өзү жок эле карай берүү өтүнүчү менен парламент төрагасына кат жолдогон.

Индира Жолдубаева дал ушул күнү 39 жашка толду. 1979-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарында туулган Индира Жолдубаева 2015-жылдын 28-январында башкы прокурорлук кызматка келген.

Facebook Пикир

Сурамжылоо

Жол кырсыгы көбөйүшүнө эмне себеп?

  • Айдоочулук сабатсыздык – 94 Добуш / 61%

  • Жолдордун начардыгы – 14 Добуш / 9.1%

  • Коррупциялашкан система – 46 Добуш / 29.9%

Жалпы добуш: 154
Жыйынтык

Көп окулган

Бул күн тарыхта