Кабарлар

Москвада кыргыз номерлүү машинедегилерди карактап кетишти (видео)

  • 12 Апрель 2018
  • 1295
Орус маалымат каражаттарынын бүгүнкү кабарына караганда, Москванын Капотня районунун аймагында кыргыз номерлүү “Мерседес” жеңил унаасындагыларды жол боюнан белгисиз куралчан адамдар карактап кетишти.

Интернетке тараган бул окуянын видеосунан Кыргызстандын номери тагылган автоунааны кууп келген жолтандабастан түшкөн үч киши “Мерседестин” терезесин талкалай баштаганын көрүүгө болот. Экөө колуна таяк, бири тапанча кармап алган. Андан ары тапанча кармаганы машинедеги бир адамды сыртка тартып чыгарат. Бул арада берки экөө унаадан бир сумканы алып, кайра үч каракчы тең өздөрү келген жолтандабаска отурган бойдон зуу коёт.

Тасмадагы жазууга караганда, окуя 11-апрель күнү түштөн кийинки төрттөрдө болгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү ушундай окуя болгонун ырастап, териштирүү жүрүп жатканын билдиришти. Бирок азырынча каракчылыкка шектүүлөр жана жабыркагандар боюнча эч кандай маалымат жок, өкүлчүлүккө да эч ким кайрыла элек. Окуяны орус полициясы да териштирүүдө.
'
';

Facebook Пикир

Сурамжылоо

Жол кырсыгы көбөйүшүнө эмне себеп?

  • Айдоочулук сабатсыздык – 94 Добуш / 61%

  • Жолдордун начардыгы – 14 Добуш / 9.1%

  • Коррупциялашкан система – 46 Добуш / 29.9%

Жалпы добуш: 154
Жыйынтык

Көп окулган

Бул күн тарыхта