Кабарлар

Мадумаров: Өкмөт башчы токтоосуз кызматтан кетиши керек (видео)

  • 12 Апрель 2018
  • 2355
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы, белгилүү саясатчы Адахан  Мадумаров 12-апрелде салтка айланган кезектеги маалымат жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү азыркы кырдаал боюнча суроолорго жооп берди.
 
Саясатчы Кумтөр кенинде иштер абдан ыкчамдатылган түрдө жүргүзүлө баштаганы боюнча суроого жооп берип жатып Сапар Исаков өкмөт башына келгенден үч күн өтпөй, маселени иликтебей туруп Кумтөр боюнча жаңы келишимге кол койгону үчүн эле кызматтан кетиш керек деди. Канадалыктар мына ошол келишим күчүндө турганда мүмкүн болушунча көбүрөөк алтын алып чыгып кетүү үчүн аракеттенүүдө деген Мадумаров муну кээ бир келиндердин уй сааганда канын чыгара саашы менен салыштырды. Кумтөрдө да канын чыгара саап, тездетип, кыска мөөнөттө чыгарып кетүүгө аракеттенүүдө деди ал.

“Өкмөт ошол үчүн да кызматтан кетиш керек. Ал эми парламент бул маселени көтөрүүгө эрки жетеби, жетпейби, аны көрөбүз”, - деди Мадумаров.

Саясатчы мындан тышкары президент Сооронбай Жээнбековдун соңку кадамдары тууралуу да пикирин айтып, кандай учурда аны колдоорун билдирди. Ага жоопту төмөнкү видеодон көрүңүз. '
';

Facebook Пикир