Кабарлар

Чычкан капчыгайындагы тоноого шектүүлөр кармалды

  • 12 Апрель 2018
  • 835
ИИМдин бүгүнкү маалыматына караганда, 10-апрелде Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБине Сузак районунун 34 жаштагы жашоочусу кайрылып, ошол түнкү саат бирлер чамасында Чычкан капчыгайынан азият улутундагы төрт адам курал менен коркутуп, жабырлануучунун ноутбугун, уюлдук телефонун, 20 000 миң рубль менен 15 000 сомун күч колдонуп тартып алганын, жалпы суммасы 80 000 сомдук материалдык чыгым келтиргенин билдирген.

Милиция ыкчам аракет көрүп, шектүүлөрдү кармоо үчүн башка бөлүмдөргө багыттамалар жөнөтүлгөн.

Натыйжада 11-апрель күнү болжол менен саат 10:30 чамасында Чүйдүн Сосновка айылында жайгашкан ЖКККБнын өткөрмө постунан кара түстөгү арткы бампери жок «Фольксваген-Гольф-2» үлгүсүндөгү шектүү автоунаа токтотулган. Автоунаанын ичинде 21 жаштагы Ж.Б. жана К.Ч. аттуу Токтогул районунун тургундары бар экен, автоунааны текшерүү учурунда ичинен белгисиз үлгүдөгү 2 даана ок, 3 уюлдук телефон жана 2 ноутбук табылган.

Автоунаа жана кармалган жарандар Жайыл райондук милициясынын тергөө кызматына жөнөтүлүп, иликтөө иштери уланып жатат.

Facebook Пикир

Сурамжылоо

Жол кырсыгы көбөйүшүнө эмне себеп?

  • Айдоочулук сабатсыздык – 94 Добуш / 61%

  • Жолдордун начардыгы – 14 Добуш / 9.1%

  • Коррупциялашкан система – 46 Добуш / 29.9%

Жалпы добуш: 154
Жыйынтык

Көп окулган

Бул күн тарыхта