Кабарлар

Ташкент – Алматы автобус каттамы ачылды

Буга чейин Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда Ташкент-Шымкент автобус каттамы ачылган.
  • 12 Апрель 2018
  • 237
Өзбек маалымат каражаттары жазышынча, Казакстан менен Өзбекстандын эки чоң шаарын байланыштырган автобус каттамы 12-апрелден тарта жүрө баштады. Ташкент-Алматы эл аралык автобус каттамы күнүнө үч жолудан (16:00, 17:00 жана 18:00дө) «Ташкент» автобекетинен жөнөп турат. Алматы-Ташкент багыты боюнча автобустар «Сайран» автобекетинен чыгат.

Каттамдын узундугу 818 чакырым, узактыгы 16 жарым саат. Чек арадагы «Гишткуприк» (Өзбекстан) жана «Жибек-Жолу» (Казакстан) бекеттеринен өтүү үчүн 30 мүнөттүк убакыт каралган. Чек арадагы паспорттук текшерүүдөн бул автобус каттамдары кезексиз өткөрүлөт.

Каттамдын жол акысы өзбек тарабында 100 миң сум, казак жагында 4000 миң теңге. Бул 12 долларга жакын, биздин акчага айлантканда 800 сомдой болот.

Мурда Союз учурунда Ташкенттен Алматыга, Бишкекке мындай автобустар тынбай каттап турган. СССР тарап, ага кирген өлкөлөр өз алдынча болуп кеткен соң кошуна мамлекеттер ортосунда да акырындап байланыштар үзүлүп, өзгөчө Өзбекстан чек араларын катуу жаап алган эле. Шавкат Мирзиёев бул кошуна өлкөнүн башына келгени мурдагы мамилелер кайрадан калыбына келе баштады.

Facebook Пикир