Кабарлар

Башкы прокуратуранын кызматкери 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

  • 16 Апрель 2018
  • 3061
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы бүгүн Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүк боюнча башкармалыгынын Ч. У. аттуу жетекчиси 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады.

Башкы көзөмөл органдын бакыйган кызматкери УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн 16-апрелдеги ыкчам аракеттердин натыйжасында колго түштү. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Азырынча ал мынча акчаны кимден жана кайсы иш үчүн алып жатканы тууралуу маалымат айтыла элек.

Айрым маалымат каражаттары кармалган кызматкердин аты-жөнү Улан Чалбаев экенин, ал 500 миң доллар пара талап кылганын сөз кылууда.

Facebook Пикир

Сурамжылоо

Жол кырсыгы көбөйүшүнө эмне себеп?

  • Айдоочулук сабатсыздык – 94 Добуш / 61%

  • Жолдордун начардыгы – 14 Добуш / 9.1%

  • Коррупциялашкан система – 46 Добуш / 29.9%

Жалпы добуш: 154
Жыйынтык

Көп окулган

Бул күн тарыхта