Кабарлар

Бишкекте КамАЗ эки кызды тебелеп кетти (видео)

Кырсык болгон жер, Бишкек, 16-апрель, 2018. (Тынчтык Алтымышев Фейсбукка жарыялаган сүрөт.)
  • 16 Апрель 2018
  • 8341
Ордо калаадагы Туңгуч кичи району тарапта  жүк ташуучу КамАЗ машинасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, эки кызды коюп кеткенин жана алар ошол жерде жан бергенин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан ырасташты. Кырсык бүгүн кечке жуук, саат алтылар чамасында Ауэзов менен Кырман көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, жүк ташыгыч чоң унаа эки кызды жол өтмөктөн өтүп бара жатканда сүзүп, 15-20 метрдей сүйрөп барып токтогон.  Кырсыкка кабылган кыздар болжол менен  22-23 жаштарда. Окуяга күбө болгондор айдоочу унаасын ошол жерде калтырган бойдон качып кеткенин айтууда.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайыналды.
 

Кырсыктан кийин тартылган тасмадагы бул аял каза тапкан эки кыз анын үйүндө батирде турганын айтууда

'
';

Facebook Пикир